Бүгүн футбол боюнча Кыргыз курама командасы Палестинанын командасы менен беттешет

Бүгүн, 6-сентябрда футбол боюнча Кыргыз курама командасы Палестина курама командасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Аталган беттеш 2019-жылы өтчү Азия кубогуна даярдануу максатында болот. Эки кураманын беттешине билеттердин баасы белгиленген тилкеге жараша 250, 350, 500 жана 1 миң 500 сом болот. Билеттерди стадиондун кассасынан күн сайын саат 11:00дөн 20:00гө чейин сатып алууга болот.

Буга чейин Кыргыз улуттук курама командасынын машыктыруучусу Александр Крестинин команда жолдоштук беттеш экенине карабай болгон күчүн жумшап ойноорун билдирген.

Беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:00дө башталат.

Кыргызстан- Палестина, Сирия
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Alinur
2018-09-06 09:30:29
Кыргызстаныбызга ийгилик жана жениш!
-2
monster_high_98
2018-09-06 09:33:35
Уйубуздо женели
-1
Edward.14
2018-09-06 09:56:47
Ийгилик жана жеңиш!
0
Rasul94
2018-09-06 13:22:16
Кыкендер женилет болуш керек. Ото слабый
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан