Бүгүн, 16-октябрда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Малайзиянын курама командасына каршы жолдоштук беттеш өткөрөт.
Беттеш Малайзиянын Малакка шаарындагы "Ханг Жебат" стадионунда өтөт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 18:45те башталат.
Аталган беттеш Кыргыз курамасы үчүн Азия кубогуна даярдануу максатында өтүүдө. Машыктыруучу Александр Крестининдин командасы окуу-машыгуу жыйындарын Малайзияда 9-октябрдан 15-октябрга чейин өткөрүшкөн.
Кыргыз курамасы төмөнкү курамда оюнга чыгат:
18:42. Кыргыз курама командасынын капитаны бул беттеште Эдгар Бернхардт болот.
18:43. Курама командалар оюн талаасына чыгууда.
18:44. Учурда Кыргыз өлкөсүнүн гимни жаңырууда.
18:46. Малайзиянын гимни жаңырып, беттеш бир аздан кийин башталат.
18:47. Командалар өз ара кол алышып, футболчулар беттешти баштоого даяр.
18:48. Чүчү кулактын жыйынтыгында топту оюнга Малайзия курамасы кошмой болду.
18:50. Топту оюнга малайзиялык футболчулар кошуп, беттеш старт алды.
18:51. Кыргыз футболчулар дароо топко ээлик кылып, алгачкы чабуулун аткарууга жетишти. Ахлидин Исраилов оң канаттан чабуулга чыккан, бирок малайзиялыктар оюн эрежесин бузуп, кыргыздар айып сокку аткарат.
18:52. Айып соккуну Ахлидин Исраилов аткарды. Анын айып аянтчага көтөргөн чыгарып берүүсүнө биринчи болуп малайзиялык дарбазачы жетти.
18:53. Малайзиялыктар дагы чабуулун жасады. Атаандаштардын оң канаттан жасаган чабуулу ийгиликсиз аяктады. Малайзиялык чабуулчу топко жетпей калып, топту оюн талаасынан чыгарып жиберди.
18:54. Кыргыз футболчулар талаанын орто бөлүгүндө катары менен 2 жолу оюн эрежесин бузду.
18:55. Алгачкы кооптуу абалды малайзиялык футболчулар аткарды. Чабуулчу айып аянтчанын ичинен топту кабыл алып, сокку узатты. Анын соккусу дарбазанын жанынан өтүп кетти.
18:56. Ахлидин Исраилов Кыргыз курамасына топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алып келди.
18:57. Кыргыз футболчулары бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн ийгиликтүү пайдалана алган жок. Топ Малайзия курамасында.
18:58. Малайзия курамасы топту алып, дароо каршы чабуулга чыкты. Оң канаттан узатылган чыгарып берүүгө чабуулчу жетпей калып, эсеп санын ачуу мүмкүнчүлүгүн жоготту.
18:59. Кайрат Жыргалбек уулу офсайд абалында болуп калып, Кыргыз курамасынын чабуулу токтоп калды.
19:00. Кайрадан Малайзия курамасынын аткаруусундагы кооптуу абал орун алды. Чабуулчу айып аянтчага кирип сокку узатканга аракет кылган, бирок аны кыргыз коргоочулар токтотуп калганга жетишти.
19:01. Топ Малайзия курамасынын карамагында болууда. Алар топту талаанын орто бөлүгүндө кармап чабуулга чыгуу аракетин көрүүдө.
19:02. Кыргыз курамасы топту тартып алып, чабуулга чыккан. Бирок коргоочулар топту оюн талаасынан сыртка чыгарып салып, кыргыздар топту бурчтан ойнотот.
19:03. Бурчтан чыгарылган топко алгачкы болуп Тамирлан Козубаев жетип, башы менен сокку узатты. Сокку таамай болбой калып, топ дарбазанын жанынан өтүп кетти.
19:04. Эрнист Батырканов атаандашынын дарбазачысынан топту алуу аракетин көрүп, оюн эрежесин бузду.
19:05. Бахтияр Дүйшөбеков талаанын орто бөлүгүндө атаандашына каршы орой ойноп, оюн эрежесин бузду.
19:06. Малайзиялыктардын чабуулун Шехзот Шакиров эреже бузуу менен токтотту. Малайзия курамасы кооптуу айып сокку аткарат.
19:07. Малайзиялыктар аткарган айып соккуну кыргыз футболчулар тосуп алып, дароо каршы чабуулга чыккан. Бирок чабуул ийгиликсиз болду.
19:09. Мустафа Юсупов орой оюн көрсөтүп, атаандашын кулатып оюн эрежесин бузду. Калыс аны сары айып кагазы менен белгиледи.
19:10. Бернхардттын айып аянтчага чыгарып берген тобуна Ахлидин Исраилов жетпей калды. Коргоочу топту ыңгайсыз кабыл алып, топту айып аянтчадан чыгарып алды. Кыргыздар топту бурчтан чыгарат.
19:11. Футболчуларыбыз бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүнөн колдоно алган жок. Исраиловдун көтөрүп берүүсүнөн соң кыргыз футболчулар оюн эрежесин бузду. Топ малайзиялыктарда.
19:12. Бахтияр Дүйшөбеков айып аянтчанын сыртынан сокку узатканга үлгүрдү. Анын соккусун коргоочулар тосуп калып, топ оюн талаасынан чыгып кетти. Кыргыз футболчулар кайрадан топту бурчтан чыгарат.
19:13. Бурчтан чыгарган топко Тамирлан Козубаев жетип, башы менен узаткан соккусу таамай болбой калды.
19:15. Топко көбүрөөк Кыргыз курама командасы ээлик кылып келе жатат. Азырынча командалардын чабуулдары ийгиликсиз.
19:17. Муролимжон Ахмедов алыскы аралыктан сокку узатып, дарбазачыны сынап көрүүгө аракет кылды. Бирок анын соккусу бир топ таамай болбой, топ дарбазадан бийик өтүп кетти.
19:18. Даниэл Тэго атаандашы менен топ талашып, оюн эрежесин бузду. Малайзиялыктар чабуул баштамакчы.
19:20. Кыргыз дарбазасына аз жерден гол кирип кете жаздады. Оң канаттан жарым коргоочу айып аянтчага топту чыгарып, кароосуз калган чабуулчу дароо сокку узатты. Топ дарбазанын штангасына тийип калды.
19:21. Тамирлан Козубаев атаандашы менен сүзүшүп, малайзиялык футболчу жаракат алып калды.
19:23. Малайзиялык оюнчуга медициналык жардам көрсөтүлүп, калыс оюнду улантты.
19:24. Малайзиялык футболчулар чабуулга чыгып, 8-катар санындагы оюнчу алыстан сокку узатты. Сокку кубаттуу болгону менен Павел Матяш топту кыйынчылыксыз тосуп алды.
19:26. Малайзиялыктар топту өзүнүн карамагына өткөрүп, чабуул баштоодо.
19:27. Эрнист Батырканов алыстан чыгарылган топко жетишпей калып жакшы мүмкүнчүлүктү коё берди. Топ малайзиялыктардын карамагында.
19:30. Малайзиялыктардын чабуулу кооптуу сокку менен аяктады. Малайзиялык коргоочу айып аянтчага чыгарып берүү жасап, 8-катар санындагы чабуулчу топту башы менен дарбазага багыттады. Дарбазанын сол бурчуна багытталган соккуну Павел Матяш тосуп алды.
19:31. Эрнист Батырканов айып аянтчабыздын жанынан оюн эрежесин бузуп, малайзиялыктар кооптуу айып сокку аткарат.
19:32. Малайзиялыктардын аткарган айып соккусу ийгиликсиз аяктады.
19:35. Беттештин негизги убактысы соңуна чыкты, калыс 1-таймга 1 мүнөт кошуп берди.
19:36. Эдгар Бернхардт малайзиялыктардын айып аянтчасында 2 коргоочуну алдап өтүп, Дүйшөбековго топту өткөрүп берген. Дүйшөбеков дароо сокку узатып, 9 метр алыстыктан таамай боло албай калды.
19:37. Калыстын ышкырыгы жаңырып, 1-тайм аяктады. Командалар 15 мүнөттүк тыныгууга кетишти.
19:53. Футболчулар оюн талаасына чыгып, калыс 2-таймга старт берди. Топту оюнга кыргыз футболчулар кошту.
19:54. Ахлидин Исраилов айып аянтчанын ичинен топту кабыл алып, сокку узатканга жетишти. Топ коргоочуларга тийип оюн талаасынан чыгып кетти. Кыргыз футболчулар топту бурчтан чыгарат.
19:55. Алар топту бурчтан кошуп, малайзиялыктар кайрадан оюн талаасынан чыгарып салды. Кыргыздар 2-ирет катары менен топту бурчтан кошот.
19:56. Бурчтан чыгаруу Эрнист Батыркановдун соккусу менен аяткады. Чабуулчунун соккусу бир аз таамай болбой калды.
19:57. Малайзиялыктардын кезектеги чабуулун коргоочулар токтоптуп калды. Кыргыз курамасы топко ээ болуп, дароо чабуулга чыкты.
19:58. Эдгар Бернхардт алыскы аралыктан сокку узатканга жетишти. Анын дарбазага багыттаган тобу дарбазанын жанынан өтүп кетти.
19:59. Малайзиялык чабуулчу Матяш менен бетме-бет келип кооптуу абал жаралган, бирок калыс офсайд абалын байкап калды. Топ Кыргыз курама командасынын карамагында.
20:00. Кыргыз курама командасы дагы офсайд абалына туш болду. Эрнист Батырканов Бахтияр Дүйшөбековдун чыгарып берүүсүнөн кийин офсайд абалында болуп калды.
20:02. Малайзия курама командасы катары менен 2 жолу топту бурчтан чыгарып, бирок ийгиликтүү жыйынтык чыгара алган жок.
20:03. Малайзия курама командасында оюнчуну алмаштыруу орун алды. 16-катар санындагы футболчуну 7-катар санындагы футболчу алмаштырды.
20:05. Тамирлан Козубаевге каршы оюн эрежеси бузулуп, малайзиялык футболчу сары айып кагазы менен белгиленди. Кыргыз футболчулар айып сокку аткарат.
20:07. Айып соккуну Шехзот Шакиров аткарып, анын таамай соккусун дарбазачы кайтарып салды.
20:10. Кыргыз курамасында оюнчу алмаштыруу орун алды. Ахледин Исраиловдун ордуна оюн талаасына Бекжан Сагынбаев чыкты.
20:12. Малайзиялык футболчу айып аянтчанын сыртынан сокку узатты, бирок ал таамай болгон жок.
20:13. Топто ээлик кылуу боюнча статистика: Кыргыз курамасы - 51 пайыз, Малайзия - 49 пайыз.
20:16. Г-о-о-о-о-о-о-о-л!!! Эсеп 1:0. Бекжан Сагынбаев айып аянтчанын ичинде кароосуз калып, Фархат Мусабековдун чыгарып берүүсүнөн кийин эсеп санын ачты.
20:18. Гол өткөргөн соң малайзиялыктар дароо чабуулга чыгышты. Атаандаштар топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алганы менен, аны колдоно алган жок. Учурда кыргыз футболчулар топко ээлик кылууда.
20:21. Малайзиялыктар чабуулга аракет кылып, бир нече жолу сокку аткарганга кылган аракети ишке ашкан жок. Бирок топ дале талаа ээлеринин карамагында.
20:23. Дагы бир кооптуу чабуулду кыргыз коргоочулары айып аянтчасынан тосуп калууга үлгүрүштү.
21:24. Топ кыргыз курамасынын карамагында. Биздин оюнчулар позициялык чабуулга чыгуу аракетинде.
21:26. Эреже бузуу катталып, кыргыз оюнчулары айып сокку аткаруу укугун алышты. Бирок талаа ээлеринин дарбазачысы топту оңой эле тосуп алды.
20:28. Мустафа Юсупов өзүнө карата эреже бузулганын айтып, калыс менен талашып-тартышууда.
20:29. Эдгар Бернхардт талааны таштап, анын ордуна Одилжон Абдырахманов чыкты.
20:31. Малайзиялыктардын чабуулун Шехзот Шакиров токтотуп калганга жетишти. Ал атаандашынын алдынан топту талаадан сыртка чыгарып салды.
20:33. Кыргыз курамасында дагы алмаштыруу, Эрнист Батыркановдун ордуна оюнга Айзар Акматов кошулду.
20:34. Учурда беттештин 86-мүнөтү орун алууда. Топко ээлик кылуу боюнча статистикага көңүл бурсак, Малайзия курамасы - 54 пайыз, Кыргыз курамасы - 46 пайыз.
20:36. Акыркы мүнөттөрдө Малайзия курамасы топко көбүрөөк ээлик кылып, уламдан улам чабуулга чыгууда. Кыргыз курамасы азырынча мыкты коргонууда.
20:38. Беттештин негизги убактысы аяктап, калыс 3 мүнөт кошуп берди.
20:41. Кыргыз курамасында алмаштыруу. Кайрат Жыргалбек уулун Авазбек Откеев алмаштырды.
20:42. Калыстын ышкырыгы жаңырып, Кыргыз курама командасы 1:0 эсеби менен жеңишке жетти.