Азамат Байматов 2019-жылкы Азия Кубогуна катышпайт

Футбол боюнча улуттук кураманын капитаны Азамат Байматов 2019-жылкы Азия Кубогуна катышпайт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

"Футбол боюнча улуттук кураманын капитаны, индонезиялык "Борнео" клубунун оюнчусу Азамат Байматов 2019-жылы Бириккен Араб Эмираттарында өтүүчү Азия Кубогуна катышпайт. Байматов "Борнео" клубунун курамында жаракат алып, ага Орусияда операция жасалды. Улуттук команданын дарыгерлер тобу мындай операциядан кийинки калыбына келүү мөөнөтү жарым жылга чейин созуларын белгиледи. Буга байланыштуу машыктыруучулар штабы оюнчуну убактылуу курамдан чыгаруу чечимин кабыл алды", - деп айтылат маалыматта.

Азамат Байматов жаракатынан улам Азия Кубогуна барбай калышы мүмкүн экенин буга чейин билдирген.

Азия Кубогу Бириккен Араб Эмираттарында 2019-жылдын 5-январында башталып, 1-февралда жыйынтыкталат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Kg-kg-kg17
2018-09-28 22:10:05
Капитансыз кыйын болотго.Денсооллук каалайбыз батырак сакайып кет.Кичинди кайтарыш керек.
+3
murat17
2018-09-28 22:22:43
байматов кучтуу коргоочу эле окунучтуу барбай калганы озу аябай окунуп жатса керек анткени тарыхта калмак аллах ден-соолук берсин батыраак айыгып азия чемпионатында коруп калалы
+3
TalaCSKA
2018-09-28 22:32:59
Лидер жок бизге оор эле болот .Ден соолук каалайм Капитан!!! башка жигиттерибизге да Ден соолук !!!
+3
monster_high_98
2018-09-28 23:34:41
Капитанынар оюнунарды туз эфирден корот эми жыргааап,мен болгондо утмаксынар деп коюп....Батыраак сакайсын, башка оюндарга даяр болуп
-4
Ermekdream
2018-09-29 00:13:13
Жаштарга мүмкүнчүлүк бергиле эми доор алмашсын АЧ2019 да тажрыйба топтосун, АЧ2019 бизге натыйжа күткөнгө болбойт, тажрыйба топтошот бара бара болот анан баары.Капитанга ден соолук!
-3
Azatbek.Svoboda.
2018-09-29 07:00:16
Ermekdream,ЧМ Деп ойлоп жазып койдунбу ?Жон эле Азия кубогу болот.Футбол ойнобогонун ушул жерден билинип турат.Эчнерсе эмес уйронуп аласын!
-4
Ermekdream
2018-09-29 12:07:09
Azatbek.Svoboda.,Мен ЧМ деп жазып коюптурмунбу Азия чемпионаты АЧ
0
Ermekdream
2018-09-29 12:11:59
Azatbek.Svoboda., футбол боюнча түшүнүгүм сенден жогору болсо жогору,бирок кем эмес¡
-2
Azatbek.Svoboda.
2018-09-29 07:01:32
Ermekdream, озунун жазганына озун тушундунбу?!
-4
fanatka19
2018-09-29 08:42:27
Оой эми айыгып кетсин эми жыргатып деле ойнобойт
-3
bekish.94.95
2018-09-29 11:16:03
Тамашоунун Ранолдосу катышпайт экенда каап.
-2
Ermekdream
2018-09-29 12:16:18
Ким курама команданы кайсы баскычка чейин чыгат деп ойлойсуздар??? Мисалы мен группадан араң чыгат деп ойлойм 50/50
+1
TUMANaka
2018-09-30 12:24:33
Ушуга чейин сенсация жаратып келди Кыргызстан. Сенсация күтөм.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан