Футбол боюнча Азия Кубогуна даярдануу максатында Кыргыз улуттук курама командасы Бишкекте Палестина жана Сирия курамалары менен беттешет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы билдирди.
2019-жылы өтүүчү футбол боюнча Азия Кубогуна даярдануу максатында Кыргыз улуттук курама командасы Палестина жана Сирия менен жолдоштук беттештерди өткөрөт. Аталган беттештер Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 6-сентябрь жана 10-сентябрь күндөрү өтөт. Беттештер саат 20:00дө башталат.
Билеттер стадиондун кассаларында 29-августтан тарта сатыла баштайт. Билеттердин баасы 250, 350 жана 500 сом болот.