Улан Саляновдун өлүмү боюнча кийинки соттук отурум 20-сентябрга дайындалды

Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча кийинки соттук отурум 20-сентябрга саат 15:00гө дайындалды. Соттук кароо залга соттолуучу Эрмек Осмонкулов алынып келбегендигине байланыштуу жылдырылды.

Белгилүү болгондой, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Коргоо жана конвоирлөө департаментинин кызматкерлерине Биринчи Май райондук сотунан соттолуучуну СИЗО-1ден райондук сотко алып келүү тапшырылган. А бирок конвоирлер СИЗО-1ге барышканда соттолуучу УКМКнын СИЗОсунда кармалып жаткандыгы айтылган.

Ошондой эле соттук отурумга катышкандар соттолуучу алынып келбегендигине нааразычылыгын билдиришти. Айыпталуучунун туугандары ал ур-токмокко алынып жаткандыгын билдиришти. Ал эми соттук отурумдун айрым катышуучулары сот жыла берсе улам Оштон келип-кетүү оңой эместигин айтышты.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 6-ноябрына караган түнү депутат Аида Салянованын 42 жаштагы иниси Улан Саляновду Бишкекте белгисиз адамдар өз үйүнөн атып кетишкен. Кийин анын өлүмүнө шектелип Бишкек шаарынын 32 жаштагы Э.О. аттуу тургуну кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан