Мамэкотехинспекциянын мурдагы басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева коопсуздугу үчүн жашаган жерин алмаштырганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-сентябрда SUPER.KG порталына билдирди.
"Аталган мекеменин үч кызматкери "коррупцияга аралашкан" деп президентке кайрылгам. Коопсуздук кеңеши бул ишти колго алган, аларга мен көрсөтмө бергем. Көрсөтмөнү бергенден кийин атайын комиссия түзүлүп, жыйынтыгы чыгат деп айтышкан. Азырынча тынч эле. Учурда жумушум жок отурам. Коркутуулар болуп жатат. "Коррупцияга аралашкан" деген үч кызматкер мага жаман сөздөрдү айтканга чейин барышты. Коопсуздугум үчүн жашаган жеримди алмаштырдым. Учурда Коопсуздук кеңешинин чечимин күтүп жатам", - деди Мамбеталиева.
Президенттик аппараттын басма сөз кызматы SUPER.KG порталына Коопсуздук кеңешинин чечими жакында белгилүү боло турганын кабарлады.
Буга чейин Мамэкотехинспекциянын басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева коррупциялык иштерге каршы күрөшөм деп кызматынан кол жууганын айткан. Кийинчерээк "коррупцияга аралашкан" деп аталган мекеменин үч кызматкеринин атын атаган.
Ал эми аталган мекеме басма сөз катчынын кызматтан бошотулганын мыйзамда тыюу салынганына карабай мекеменин ичинде митинг өткөргөндүгү менен байланыштырган.