Акыйкатчыны шайлоо күнүн белгилөө маселеси 11-сентябрда каралат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин мүчөсү Айнуру Алтыбаева билдирди.
"Акыйкатчыны шайлоо күнүн белгилөө маселеси 11-сентябрь күнү комитеттин жыйынында каралат. Акыйкатчынын орду узак убакытка бош калып калышынын, бул маселенин эми карала тургандыгынын себеби Жогорку Кеңеш 1 ай эс алууда болду, 1 ай шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүп келди", - деди Алтыбаева.
Буга чейин, "Ата Мекен" фракциясы акыйкатчы кызматына Канатбек Азизди көрсөтө турганы белгилүү болгон. Парламенттеги башка фракциялар азырынча өз талапкерлерин көрсөтө элек. Ал эми Акыйкатчы институту акыйкатчы кызматына Урмат Аралбаевдин талапкерлигин сунуштаса, президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Молдакун Абдылдаев акыйкатчы кызматына өз талапкерлигин көрсөткөн.