Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси - Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык иш алып барып жаткан аралаш менчик түрүндөгү мекеме. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, кандайдыр бир кайра түзүлүүсү же мүлктү өткөрүп берүү боюнча чечим Уставга ылайык негиздөөчүлөрдүн жалпы чогулушунда кабыл алынат.
"Негиздөөчүлөрдүн курамына Кыргыз жарандары жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги кирет. Бул министрликтин жана Түркиянын “Маариф” фондунун ортосунда кол коюлган өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга ылайык, “Маарифтин” ишмердүүлүгү тууралуу өкмөттөр аралык келишимдин долбоорун даярдоо боюнча биргелешкен жумушчу топ түзүлгөн. Келишимдин долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет, документ ратификациядан өтүшү керек", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 1-сентябрда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын сапарынын алкагында Кыргыз өлкөсүнүн Билим берүү жана илим министрлиги Түркиянын "Маариф" фонду менен кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлган.
Түрк элчиси Женгиз Камил Фырат "Сапат" билим берүү мекемелерин "Маариф" фондунун карамагына өткөрүү каралып жатканын айткан. "Учурда Кыргыз-Түрк "Манас" университети кандай иштеп жатса, "Маариф" фондунун мектептери да дал ошондой тартипте иш алып барат. Тактап айтканда, "Маариф" фондунун ишмердүүлүгү Кыргыз өлкөсүнүн Билим берүү жана илим министрлигинин көзөмөлүндө болот. Учурда "Сапат" билим берүү мекемелери жабылат деген маалыматтар тарап жатат. Жабылуу менен өзгөртүү деген сөздө чоң айырма бар. "Сапат" мектептери мурдагыдай эле ишмердүүлүгүн жүргүзө берет. Бирок "Маарифтин" карамагына өткөрүү каралууда. Анткени бул мектептер Түрк жарандарынын салыгынын эсебинен курулган. Убагы келгенде "Маарифке" өткөрүлүп, алардын билиминин сапаты мындан да жакшыртылат", - деген элчи.