Акыйкатчы кызматына талапкер сунуштоо мөөнөтү качан аяктай турганы айтылды

Акыйкатчы кызматына талапкер сунуштоо мөөнөтү 15 күндөн кийин аяктайт. Бул тууралуу парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы Канат Керезбеков бүгүн, 11-сентябрдагы жыйында билдирди.

Ал фракция лидерлерин аталган мөөнөт аралыгында өз талапкерлерин сунуштоого чакырды. "Акыйкатчыны шайлоо каникулга туш келгени үчүн токтоп турган. Эгер акыйкатчыны кызматтан алуу маселеси жаралганда парламент кезексиз жыйынга чогулсак болмок. Ал эми бошотуу эмес, шайлоо жараяны болгондо бул талап жок", - деди Керезбеков.

Буга чейин "Ата Мекен" фракциясы акыйкатчы кызматына Канатбек Азизди көрсөтө турганы белгилүү болгон. Парламенттеги башка фракциялар азырынча өз талапкерлерин көрсөтө элек. Ал эми Акыйкатчы институту акыйкатчы кызматына Урмат Аралбаевдин талапкерлигин сунуштаса, президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Молдакун Абдылдаев акыйкатчы кызматына өз талапкерлигин көрсөткөн.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан