Бүгүн Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын 4-турунун алкагында Мьянма-Кыргыз беттеши орун алат

Бүгүн, 10-октябрда футбол боюнча Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын 4-турунун алкагында Мьянма-Кыргыз беттеши орун алат. Беттеш Мьянманын Янгон шаарында өтөт. Бул беттеш 5-сентябрда болбой калган оюнга жооптук оюн болмокчу.

Эске салсак, Кыргыз-Мьянма беттеши 5-сентябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтмөк. Оюндун токтотулганы тууралуу 4-сентябрда маалымат жыйында белгилүү болгон. Мындай чечимди Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сапар Исаков Мьянмадагы мусулман-рохинджаларга байланыштуу кырдаалдан улам террордук акт уюштурулуп кетиши мүмкүн деген пикир менен кабыл алган.

Учурда "А" тайпасында Кыргыз футболчулары 3 упай менен 2-орунду Мьянма курамасы менен бөлүшүп келүүдө. Индия курамасы 3 турдун жыйынтыгында бардык атаандаштарынын үстүнөн жеңишке жетип 9 упайга ээ. Ал эми Макао курамасы атаандаштарынан жеңилүү ызасын тартып упайсыз келүүдө.

"А" тайпасындагы беттештер:

10-октябрь, 18:30 (Бишкек убактысы боюнча)

Мьянма - Кыргыз өлкөсү

11-октябрь, 20:00

Индия - Макао

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
JOODAR2001
2017-10-10 10:35:15
Алгааа Ак-шумкарлар
+3
nurtilek.kursanbekov
2017-10-10 12:24:14
Жок дегенде подгруппадан чыгып койгулачы 1ди айтпай эле коёюн 2 орун мн чыксанарда Биз учун чоон сыймык
-2
Edward.14
2017-10-10 14:10:44
Ийгилик жана жеңиш!
+1
FCBMESSI
2017-10-10 14:51:08
Алга Кыргыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан