Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы борбор бюджетке 6 миллион сомго жакын зыян келтиргени аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан 11-сентябрда кабарлашты.
Маалым болгондой, Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Маалыматтык кызмат көрсөтүү боюнча атайын борбор 2018-жылдын апрель айынан июль айына чейинки аралыкта унааларды каттоо жана кайра каттоодо эреже бузган. Текшерүүнүн жыйынтыгында бюджетке 5 миллион 841 миң 946 сом зыян келгени аныкталган.
Жогорудагы аты аталган борбор бөлүп төлөө жолу менен келтирилген зыяндын ордун толтурганы кабарланды.
Мамлекеттик каттоо кызматы 2-апрелден тартып июнь айынын аягына чейин унааларды жеңилдетилген шартта кайра каттоодон өткөрүү компаниясын жүргүзгөн. Тактап айтканда, унааны кайра каттоодон өткөрүү 2 миң 500 сомдон 5 миң сомго чейин болсо, үч ай аралыгында 1000 сомго чейин болгон.