Айдоочулар унааларын үч ай бою арзан баада каттата алышат. Каттоо департаменти анын шартын түшүндүрдү

2-апрелден тарта июнь айынын аягына чейин унааларды кайра каттоодон өткөрүү жеңилдетилген шартта жүргүзүлөт. Бул тууралуу 14-мартта маалымат жыйынында Унаа каражаттарын жана айдоочунун курамын каттоо департаментинин жетекчисинин орун басары Усеин Касмалиев маалымдады.

Анын белгилешинче, унааны кайра каттоодон өткөрүү учурда 2 миң 500 сомдон 5 миң сомго чейин болсо, 2-апрелден июнь айынын аягына чейин 1000 сомго чейин болот.

"Унаалардын чыккан жылына, кыймылдаткычынын көлөмүнө жараша бүгүнкү күндө каттоо күбөлүгү үчүн 800 сомдон, мамлекеттик белги үчүн 950 сомдон төлөнсө, кайра каттоо кампаниясы учурунда бул сумма төлөнбөйт. Башкача айтканда, төлөм 1500 сом болсо, ал 10 эсеге азайып 150 сом болот. Бирок банктык кызмат менен компьютердик кызмат үчүн 300 сомду төлөшөт. Жыйынтыгында сумма 450 болуп калат", - деди Касмалиев.

Ошондой эле айдоочулар алгач каттоо бөлүмдөрүнөн өзүнүн каттоосун тактап алышы керектигин кошумчалады. "Айрым айдоочулардын каттоосу айылда болуп, өзү шаарда жашайт. Мындай учурда каттоосу кайда болсо ошол дарек аркылуу гана каттала алышат. Же болбосо ижарада жашап жаткан үйдүн ээсин ээрчитип келип катталса болот", - деди ал.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
tyrgon
2018-03-14 17:07:53
ааа ыштрапты уйго жибергениби ыя?
+1
nurbek56
2018-03-14 17:28:57
менден эмнеге анда кооп алышты ауди А4 96.ж объем 2.6 3730.сом банкка токтум 2800.оздору алды
+1
tular
2018-03-15 08:19:58
nurbek56, арзандатуу 2-апрелден тарта кучуно кирет.
+3
bazarkyl
2018-03-14 17:49:38
Эң жакшы, 2002-жыл 2,2 куб акчасы канча болот ?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан