Бүгүн, 11-сентябрда саясатчы Адахан Мадумаров маалымат жыйынын өткөрүүдө. Иш-чаранын жүрүшүндө ал Түркия менен болгон мамиле тууралуу пикирин билдирди.
"Бүгүн Түркия менен мамилени көккө ыргытууга шашпаш керек. Түркия 130 адамдын тизмесин берди, биз ал адамдарды бере алабызбы? Алардын принциби ушундай "ким душманымды коргосо, ал да менин душманым". Эртең алар сурайт, азыркы мамиле гүл, түшүмү кандай болот белгисиз", - деди Мадумаров.
Мындан тышкары ал көчмөндөр оюндары боюнча оюн айтты. "Бул оюндардын идеясы - кыргыз элиники. Жамбаштап жатып алып "Көчмөндөр оюнун мен алып келдим эле" дегендерге таң калам. "Оюмда бар эле" дегендерден сурайт элем: Көчмөндөр оюндары жөнүндө бир канча эл аралык жолугушуулар болгон, ошолордун бирине катыштыңызбы? 4 өлкөдө Көчмөндөр оюндарынын демилгечиси Мадумаров деген мөөр басылган документ сакталып турат. Авторлукту талашса талаша беришсин, мен талашпайм. Эске салсам, Манас-1000де Болот Шамшиев эл аралык ат оюндарын өткөргөн. Нукура көчмөн маданиятын сактап жүргөн - бул кыргыз. Автору кыргыз", - деди саясатчы.
Андан соң Мадумаров президенттикке талапкер болгон Өмүрбек Бабанов боюнча да пикирин билдирди. "Бабановдун качып кетишине бааны кыргыз эли берет. Сыртта жүргөн кишиге баа бергеним туура эмес болуп калат. Бирок бүтүндөй бир элдин жүгүн көтөрө турган адамдын эли менен бирге болбогону жакшы нерсе эмес. Дагы кайталайын, ага бааны эл берсин, мен бербей эле коёюн. Эл көрө албастык, ичи тарлык катары көрүп калат экен", - деди Мадумаров.