Борбордук шайлоо комиссиясына мандат тапшыруу боюнча Өмүрбек Бабановдун арызы түшө элек. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда SUPER.KG порталына БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди.
Ал эми "Республика-Ата Журт" фракциясынын катчылыгы Бабанов аталган комиссияга качан арыз бере турганы боюнча маалыматы жоктугун кабарлашты.
Эске салсак, 30-декабрда Өмүрбек Бабанов депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан биротоло кете турганын жарыялаган. БШК анын ордуна Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясына депутат болуп Абдыбек Дүйшалиев келиши мүмкүн экенин билдирген.
4-ноябрь күнү Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановго карата "улуттар аралык кастыкты козутуу" жана "Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө иштерин жүргүзүү УКМКга жүктөлгөн.
2017-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек. Айрым маалыматтарга караганда, анын Орусияда дарыланып жатканы айтылат.