Экс-депутат Өмүрбек Бабанов бүгүн, 27-мартта анын өкүлдөрү тарабынан өткөрүлгөн маалымат жыйындан кийин үн катты. Ал өзүнүн билдирүүсүндө филология илимдеринин доктору Үмүт Култаева тууралуу жазган.
"Чындыкты жазгандыгыңыз үчүн сизди чыркыратып, эл аралык институтту жетектеген жумушуңуздан алышты. Доктордук даражаңызды, өмүр бою топтогон билимиңизди жаштарга үйрөтүүгө күчтөнүп турганыңызда жумуштан алып, УКМКга чакырып алып кылмышкердей мамиле кылышты. Атүгүл студенттерге сабак бергенге да жол беришпеди. Ага карабай бүгүн да сиз илимий көз-караш менен менин сөзүмдү ачык талдап, чындыкты айтып чыктыңыз", - дейт Өмүрбек Бабанов.
Маалымат жыйын учурунда "Экспертизанын жыйынтыгы боюнча анын айткан сөздөрүндө улуттук кастыкты козутуучу чакырыктар болгон эмес" деп билдирген эле.