"Республика-Ата Журт" Бабановдун иши боюнча депутаттык комиссия түзүү боюнча чечим кабыл алды

Жогорку Кеңештин "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаттары фракция лидери Өмүрбек Бабановго каршы козголгон кылмыш иши боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү боюнча чечим кабыл алды. Бул тууралуу фракциянын катчылыгы кабарлады.

"Фракция кабыл алган чечимди Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун атына жиберди. Эми парламент депутаттарынын көпчүлүгү тарабынан бекитилген депутаттык комиссиянын түзүлүшү күтүлүүдө. Өмүрбек Бабановдун сөзүндө мыйзамга каршы эч нерсе айтылган жок жана укук коргоо органдарынын мындай аракеттери демократияга жана саясий эркиндиктин баркына залакасын тийгизүүдө. "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаттары укук коргоо органдарын жана Башкы прокуратураны бул ишти калыс жана кылдат кароого чакырат", - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, 4-ноябрда Башкы прокуратура Өмүрбек Бабановго карата "Улуттар аралык кастыкты козутуу" жана "Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо" беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгогон. Тергөө иштерин УКМК жүргүзмөкчү.

Ө.Бабанов өзүнө козголгон кылмыш иши "ойдон чыгарылган" деген пикирин айткан. Учурда ал Орусияда дарыланып жатканы айтылууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан