"Республика-Ата Журт" фракциясынын мурунку лидери, экс-депутат Өмүрбек Бабанов кыргыз элине кайрылуу жолдоду. Ал интернеттеги баракчасы аркылуу Жаңы жыл майрамынын алдында кыргыз элин куттуктап, сөзүнүн соңун "жакында көрүшкөнчө" деп аяктаган.
"Өтүп бара жаткан 2018-жыл өзгөчө жыл катары эсимде калат. Бул жыл адамдардын эң мыкты сапаттарын көрүүгө жол ачты. Мекендештеримдин чыныгы колдоосун социалдык тармактарда да, ар кайсы шаарларда болгон жолугушуулардан да көрө алдым. Айланамдагылардын туруктуулугун көрдүм, аны менен жакын деп эсептеген адамдарымдын да саны өстү", - деп жазылат Бабановдун билдирүүсүндө.
Буга чейин социалдык тармактарда, айрым маалымат каражаттарында "Бабанов өлкөгө кайтып келет" деген кабарлар тарап жатканы жөн жерден чыкпагандыгын интернет колдонуучулар жазышууда.
2017-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек.