"Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакированын өлүмүнө себепкер болгон айдоочу 10 жылга соттолду

Бүгүн, 13-сентябрда "Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакированын өлүмү боюнча ачылган кылмыш ишинин негизинде сот отуруму болду. Анда соттун чечими менен айдоочу 10 жылга жатак абакка кесилип, маркумдун жакындарына 2 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирилди. Бул тууралуу маркумдун апасы Насипа Мамбеталиева SUPER.KG порталына билдирди.

Маалым болгондой, буга чейин кылмышка шектүү кырсыкка кабылып, анын натыйжасында Сания Шакирова каза болуп калганын моюнга алганы менен, унаа айдап бара жатканда ичимдик ичпегенин айткан. Ал эми бүгүн мас абалында рулга отурганын ырастап, күнөөнү моюнуна алган.

Буга чейин Сания Шакированын апасы кызы кырсыкка кабылган унаанын айдоочусуна 4 миллион сом доо койгонун айткан эле. Бүгүн сот анын 50 пайызын төлөп берүүгө милдеттендирген.

"Айыпталуучу тарап биз койгон доого каршы чыгып, эч кандай чыгым төлөбөйбүз деп жатышкан. Бүгүн сот 2 миллион сомду төлөөгө милдеттендирди. Чыккан чечимге нааразычылыгым жок", - деди ал.

Эске салсак, 2-июнда саат 21:30дар чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунда Кыргыз өлкөсүнөн чыккан "Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакирова жол кырсыгына кабылып каза болгон. Унаа Чок-Тал айылынын кире беришиндеги мүрзөнү курчаган дубалды сүзүп алган. Окуя болгон жерден 31 жаштагы жүргүнчү жаракат алып Чолпон-Атадагы ооруканага жеткирилген. Ал эми айдоочу туугандары тарабынан Бишкек шаардык №4-ооруканага жеткирилген. Ал эми маркум Сания Шакированын сөөгү 4-июнь күнү Кара-Балта шаарында жерге берилген.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
monster_high_98
2018-09-13 16:00:10
2млн да боло берет деп, главное акча ондуруш экен да,
+5
HAPPY.GIRL
2018-09-13 17:01:41
monster_high_98,Балларын сен бак анда.Ичи
п алып 3баланын энесин жетим калтырган айдоочуга боорун ооруп жатса!
-5
monster_high_98
2018-09-14 10:37:52
HAPPY.GIRL,Бул жерде куноолуу бир эле айдоочу эмес да!
+1
RUSLAN.KG
2018-09-13 17:31:52
Айдоочу Саниянын Шакированын жигити беле, уйлонобуз деген же башкабы?
0
asemanur
2018-09-13 18:07:22
Ооба туура кылды апасы уч балага керек да акча. Бирок мени тан калтырганы балдардын атасы эмнеге балдардын алып кетпейт. Мин кылган Кундо да тайне деген тайне. Атасы тируу туруп кайрылбаганы окунтуу
+2
patiydin
2018-09-14 10:27:55
asemanur,ал куйо балада ушул кайнене Ден коркуп келбей жаткандырда!
+1
barakcha
2018-09-14 09:09:25
Акча ондуруштун амалы...Кызыныз озу куноолуу,эмнеге чужой эркектер менен шапар тебет?Балдарын карап,раз эрден чыккандан кийин отурбайт беле уйдо?Эми соттолгон жигиттин да убалына калдынар.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан