10-сентябрда колу чирип кеткен 8 жашар кыз каза болгон. Чолпон-Ата шаарындагы ооруканада иштеген дарыгер Кубаныч Абдураззаков бүгүн, 17-сентябрда SUPER.KG порталына "биринчи жардамды көрсөткөндө ишимди так аткаргам, бирок кысып салган деп күнөөлөп жатышат" деп билдирди.
"8 жашар кыз 3-сентябрь күнү Григорьевка айылындагы үйүндө жыгылып колун сындырып алат. Чоң энеси бул жөнүндө кеч билет. Чынбы же жалганбы билбейм, бирок элдин айтымында, кыз жыгылганда - агасы колуна топурак сээп, кагаз менен сүртүп канын токтоткон экен. Анан сөөк оңдогон адамга да барышканын айтып жатышат. Ошол күнү кыздын чоң энеси Кырчында жүргөн деп да айтышууда.
Алар мага окуядан эки күн өткөндөн кийин 5-сентябрь күнү 10:45тер чамасында келишти. Чоң энеси кызды жыгылып түшүп сол колун кокустатып алганын айтты. Ага чейин ооруканага барышкан эмес экен. Колунда рентген сүрөтү бар экен. Мага кайрылган кезде кыздын колун бир ирет толук текшердим. Колунда 2-3 миллиметрдей ачык жаракат бар экен. Ал бүтүп бара жаткан экен. Эч кандай ириң же башка оорунун өрчүп кеткендеги белгилери көрүнгөн эмес. Тазалап жатканда йод сүйкөлгөнүн да көрдүм. Кийин колун гипс лентасы менен байлап, күн сайын алмаштыруу үчүн келип турушу керектигин эскерттим. Кыздын чоң энеси жол алыстыгын, келүүгө шарты жок экенин айтты. Ал "мага Ананьеводогу ооруканага баруу ыңгайлуу болот" дегенде анда ошол жактагы дарыгерлерге көрсөтүп туруңуз дедим. Күн сайын гипсти алмаштырбаса кыздын колу ириңдеп кетиши мүмкүн экенин айткам. Министрликтин буйругу боюнча мен аскердик комитетке барышым керек эле. Саат 11 жарымда чыгып кетип жатып "азыр дагы бир жолу кыздын колун рентгенден өткөрүп, ооруканадагы башка хирургдарга да көрсөтүңүз" дедим.
Коомчулукта туура эмес маалыматтар тарап жатат. Анда мени гипс койгондо кол кысылып калган деп күнөөлөшүүдө. Мен биринчи жардам көрсөтүп, сунуштамаларды айттым. Чоң энеси биздин ооруканага келе албайм деди. Мен аны бизге кел деп мажбурлай албайм да.
Алар 6-сентябрь эмес, 7-сентябрь күнү Ананьевого барат, ал жердеги хирург колун көрүп, гипсти которуп кайра үйүнө кетирип жиберет, эртеси күнү 8-сентябрда кайра Ананьевого келсе аны хирург көрүп, колу гангрена болуп баратканын айтат. Кыз кийин Бишкекке жеткирилген", - деди дарыгер.
Айта кетсек, Саламаттыкты сактоо министрлиги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна кыз оор абалда келип түшкөнүн билдирген. Ал маалда кыздын колу чирий баштаган. Дарыгерлер дароо операция жасап кыздын колун кесишкен. Кыздын абалы турукташканы менен, 10-сентябрь күнү таңга маал көз жумган. Азыркы тапта Чолпон-Атадагы бириктирилген ооруканасынын дарыгерлеринин ишине баа берүү үчүн комиссия түзүлгөн.