Мындан 10 жыл мурун, 2008-жылы 20-сентябрда Пакистандын борбору Исламабад шаарында жайгашкан "Марриот" мейманканасында теракт болгон. Анын натыйжасында 54 киши каза болуп (арасында Чехиянын элчиси да бар), 266 киши жарадар болгон. Маалыматтарга караганда, жан кечти-террорчу унаага жардыруучу затты жүктөп барып мейманканага кирген. Натыйжада имараттын бир бөлүгү жардырылган.
Пакистандын Ички иштер министрлиги бул террордук чабуулду даярдоого жана уюштурууга "Талибан" кыймылын күнөөлөгөн.
20-сентябрдын жылнаамасы.