Бүгүн, 22-сентябрга караган түнү саат 3:56да Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөөнүн күчү очогунда 3,5 баллга жеткен. Ал эми Отуз-Адыр, Кашкар-Кыштак, Нариман, Кара-Суу айылдарында 3,5, Ош шаарында, Мады, Каратай айылдарында 3 баллга сезилген.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.