23-сентябрга караган түнү Адилет Алиев аттуу интернет колдонуучу Фейсбуктагы баракчасына абакта жаткан Өмүрбек Текебаев жүрөк оорусу кармап каза болгонун жарыялап, бир канча убакыттан соң кайра өчүрүп салган. Мындан улам башка интернет колдонуучулар учурда Жаза аткаруу кызматынан Өмүрбек Текебаевдин ден соолугу боюнча расмий маалымат таратуусун талап кылып жатышат.
Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова ал билдирүүнү жокко чыгарып, SUPER.KG'ге Текебаевдин ден соолугу тууралуу маалымат берди.
"№47-түзөтүү абагынын жетекчиси менен жаңы гана сүйлөштүм. Өмүрбек Текебаевдин ден соолугу жакшы экендигин, азыр тамактанып жатканын айтышты", - деди Сабатарова.
Өмүрбек Текебаевди 2017-жылы февраль айында ЕККУнун парламенттик ассамблеясынын жыйынына катышып кайтып келе жатканда "Манас" аэропортунан кармап кетишкен. Аны Орусиянын көпчүлүк аферага аралашкан адамдын көрсөтмөсү менен 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 8 жылга эркинен ажыраткан. Бул өкүмдү Бишкек шаардык соту, Жогорку Сот күчүндө калтырган.