"Калыстык мамилеңизди көрсөтүп, камактагы саясатчыларды бошотуп, мамлекетти мыйзамдуу талаага алып келиңиз. Сиздин буга саясий эркиңиз жетет деп ишенебиз", - деп бүгүн "Саясий туткундарга эркиндик" деп аталган форумда Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан экс-депутат Асия Сасыкбаева президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды.
"Конституциялык түзүлүштү бузганы жатат" деп бүгүн бир канча адамдарды камап жиберишти. Экс-президент өзү эки жолку революциянын автору экенин айтты. Бирок учурдагы системди бузуу керектигин айткан адамдарды темир тор артына отургузуп коюшту.
Мен Бакиевдин убагынан бери бир канча сотторго катыштым. Эч нерсе өзгөрбөптүр. Өзгөргөн бир эле жагдай бар. Жазалардын убактысы узартылыптыр. Мүлктөрдү тартып алуу күч алыптыр. Өмүрбек Текебаевди кармоо үчүн аэропортко барганда күч колдонулган. Аскерлерди ички саясатка аралаштыруу туура эмес. Күч структураларын карап көрсөк, Садыр Жапаровдун балдарын, туугандарын сабаганын көрдүк", - деди Сасыкбаева.