Парламенттик комитет Текебаев менен Чотоновдун ишин кайра кароо боюнча Башкы прокуратурага кат жолдойт

Парламенттик комитет Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароо боюнча Башкы прокуратурага кат жолдойт. Мындай чечим бүгүн, 11-декабрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында кабыл алынды.

Анда "Ата Мекен" фракциясынын Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароо боюнча кайрылуусу жана "Адилет" укуктук клиникасынын директору Чолпон Жакупованын баяндамасы окулуп, чечим кабыл алынды.

2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов камалган.

Башкы көзөмөл органдын берген маалыматы боюнча, аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.

16-ноябрда Москва шаарынын Тверь райондук соту Мамлекеттик Думанын экс-депутаты, ишкер Леонид Маевскийди 14-январга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Маевский жабырлануучуну каралаган маалыматты жарыялап салам деп коркутуп, андан 37,5 миллион доллар талап кылган деп күнөөлөнүүдө.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан