Өмүрбек Текебаев Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басары Адис Момуналиевдин үстүнөн прокуратурага арыз жазды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Текебаевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди.
Маалыматка караганда, Адис Момуналиев Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун акталуусуна себеп боло турган далилди жашырып койгон.
"Өмүрбек Текебаев Адис Момуналиевге кылмыш иши козголушун талап кылып Башкы прокуратурага арыз жазды. Себеби Момуналиев кызматынан пайдаланып орусиялык ишкер Леонид Маевский менен Текебаев жолуккан эместигин далилдей турган документти Жогорку Соттун кароосуна жөнөткөндө тиркебей койгон. Ачык айтканда, далилдөөчү маалыматты жок кылып салган", - деди Токтакунова.
Эске салсак, былтыр жазда Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөнкул Чотоновго "Мегакомду" сатууга көмөктөшүү үчүн орусиялык ишкерден пара алган" деген жүйө менен кылмыш иши козголгон. 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди жана мурдагы Дүйшөнкул Чотоновду ар бирин 8 жылга эркинен ажыраткан. 2-октябрда Бишкек шаардык соту, 21-ноябрда Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.