Башкы прокуратура Текебаевдин ишин кайра кароодон баш тартты

Өмүрбек Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдайлар боюнча документти Башкы прокуратура карабайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Ата Мекен" партиясынын юристи Таалайгүл Токтакунова билдирди.

"Башкы прокуратура ишти карабай турган болду. Себебин сурасак, ишти кароого негиз жок дешти. Башкы прокуратуранын бул чечимин жокко чыгаруу үчүн Октябрь райондук сотуна кайрылабыз", - деди Токтакунова.

Айта кетсек, 2018-жылдын 22-майында Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш ишиндеги жаңы жагдайлардын ачылганы боюнча Башкы прокуратурага арыз тапшырылган. Башкы прокуратура арызды колдосо документтер Жогорку Сотко жиберилип, соттон колдоо тапса иш биринчи инстанцияга кайтарылмак.

Эске салсак, былтыр жазда Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөнкул Чотоновго "Мегакомду" сатууга көмөктөшүү үчүн орусиялык ишкерден пара алган" деген жүйө менен кылмыш иши козголгон. 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду ар бирин 8 жылга эркинен ажыраткан. 2-октябрда Бишкек шаардык соту, 21-ноябрда Жогорку Сот райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
toktor89
2018-06-12 19:35:46
Жыйындык чыкпайт экен.
Сотторго ишенбеим
+7
Bazake
2018-06-12 23:13:03
toktor89 Текебаевдин куноосу толугу менен далилденген. Сотторду куноологон акылсыздык
-5
Dembele84
2018-06-12 19:53:29
Жапаров чыгат го буйруса эртен 13.06
+23
bekov01
2018-06-12 20:04:06
Dembele84,Иншалла
+13
Chungyz
2018-06-12 20:36:50
Качан оздоруно керек болгондо чыгарат
+5
Bazake
2018-06-12 23:13:31
Текебаев Маевскийден 1 млн долларды пара катары алган. Бул далилденген
-10
FCB14
2018-06-12 23:25:05
Bazake,козун мн корбогондон кийин
же документ мн далилдебенден кийин
куноолобо бироону
+7
wwwbaxa
2018-06-12 23:20:17
Оозеки далил эч качан далил болуп эсептелбейт,бир оферисттин созу менен камаган туура эмес реально...
+6
tyka
2018-06-12 23:41:35
Мен гкнбга барып ППД акча алды десем кармайбы ыя. Эгер чынле алган болсо камайбы аны
+10
Jango
2018-06-13 00:24:35
Текебаевден ушунчалык конул калган Бакиевди жакшы иштеп турган жеринен митинг уйуштуруп кетирип бул кишиге аздык кылат
+9
akyn
2018-06-13 00:43:38
Текебаевге шамал болбосо,дарактын башы кыймылдабайткоо..
+1
00AbibhanovMunarbek0045
2018-06-13 01:44:27
Текебаев омур бою чыкпасын
-2
Aidar.001
2018-06-13 01:51:00
Кичине дем ала берсин, 120 койго кошулса даагы кыйналат убойныйга киргизип ОЗУ аргы эшиктен чыга берип
+1
Milduri
2018-06-13 06:16:27
Жээнбеков Текебаевди эч качан чыгарбайт, себеби Атамбаевден коркот, Жээнбеков эч качан Атамбаедин айтканынан чыга албайт, Жээнбековду Атамбаев президент кылган. Жээнбеков Атамбаевге калп эле каршы болуп саясий шоу көрсөтүп атышат. Бир чети Сапар Исаковдун абройун көтөрүшсө "эч жака качпады бул ак" деп, эртең парламенттик шайлоодо Жээнбеков өзүнчө партия түзүп, Атамбаев СДПК менен чыгып көпчүлүк коалицияны ээлешип биз бириктик деп жетелешип чыгат, анан дагы каалаганын кылышат.
+2
PROS
2018-06-13 07:17:23
Булар атамбаевдин көчүн улап жатышат! С. Жапаровду да эптеп түрмөдө калтыруунун жолун издеп, сотун улам жылдырып жатышат.
+3
fora
2018-06-13 09:10:18
Жээнбековдон деле жылытарлык жыйынтык кутбогуло ал да кыйратбайт
+4
Alixan-Nookat.2015
2018-06-13 09:43:09
Эгер соттор адилеттүү болсо анда пара берген үчүн Маявскийдида камаш керек болчу.
+4
Azatbek.Svoboda.
2018-06-13 21:26:17
Жээнбеков эч качан Атанбаевдин душмандарын чыгарбайт!Калп эле элдин көзүнчө Атамбаевдин кадрларын тазалаган болуп жатат!Президент кылган Атанбаев. Мени эл шайлаган дейт конечно элди коркутуп уркутуп шайлаттырышкан ошого кенен мени эл шайлаган деп олтурат.Атамбаевдин айтканынан чыкпайт Жээнбеков Атамбаевка каршы чыгат деген бул келоосолук! Алар бир адамдар кайра эле алты жыл арабаңарды тарта бергиле! Бекеринен баатыр наам бербеген экстиктен кол тийбестиктен да алалышпайт!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан