Балыкчыдагы аскердик бөлүмчөнүн дайынсыз болуп жаткан командири Эмилбек Бактыбековдун атасы: "Уулум, аман болсоң эч нерседен коркпой кайтып кел"

Балыкчыдагы аскердик бөлүмчөнүн командири Эмилбек Бактыбеков 2 айга жакын убакыт өтсө да табыла элек. Бул тууралуу анын жакыны SUPER.KG порталына маалымдады.

"Бул убакыт аралыгында апасы санаадан эзилип бүтмөй болду, милиция издеп жатабыз дегени менен жыйынтык жок. Баласы аскер кызматында жүргөндө апасы ар дайым сыймыктануу менен айтчу, Коргоо министрлиги да көңүл буруп, табуу аракеттерин көрсө жакшы болмок", - деди ал.

Ал эми атасы Эмилбек Бактыбековду үй-бүлөсү чыдамсыздык менен күтүп жатканын айтып, буларга токтолду.

"Балам Балыкчыдагы аскер бөлүктө кызмат өтөп жүрүп, лейтенант аскердик наамынан кийин, улук лейтенант наамын алган. Анда бизге кубанычы менен бөлүшүп чалган. 27-июль күнү аны Ошко кызматка которуп, Балыкчыдагы аскердик бөлүктөн чыгып кеткен экен. 2-августта өзүм чалдым, "Наамымды "жууп" бир аз карыз болуп калдым, ата" деген. Мен андан кутулабыз дегем. Ошол бойдон баламдын дайыны жок. 2-августта уулумду Бишкектен көргөндөр бар экен", - деди дайынсыз болуп жаткан командирдин атасы Бактыбек Темирбеков.

Ошондой эле ал Балыкчыдагы аскердик бөлүккө барып, баласына тийиштүү болгон буюмдарды алып келгенин, уулу карыз болгон адамга акчасын толугу менен кайтарып бергенин кошумчалады.

"Балам, кайсы бир нерседен чочулап келбей жатат деп ойлонолу десек эч кандай себеп жок. Карызынан кутулдук. Эгер биз билбеген, уулумду чочулаткан нерселер болуп жатса "Уулум, коркпой үйгө келе бер, мен сени коргойм. Апаң үчүн кайтып кел" дейт элем.

Жакында мага бир жигит сүрөт жөнөтүптүр. Ал да Балыкчыдагы аскердик бөлүктө кызмат өтөгөн экен. "Сүрөт интернеттеги тайпага келиптир, мен командирге эле окшоштуруп жатам" деп жазыптыр. Сүрөттөгү адам даана тартылбагандыктан таануу кыйын, бирок аз да болсо көңүлүмдөгү санаа азая түштү", - деди Темирбеков.

Ошондой эле ал милиция менен кошо Куралдуу күчтөр жапа тырмак уулун издөөгө көмөктөшсө, балким, бат эле табылат эле деген үмүтү бар экенин кошумчалады.

Эмилбек Бактыбековду көргөн-билгендер болсо, 0550 93 12 16, 0703 53 50 40 номерлерине байланышып, анын жакындарына кабарлап коюуну атасы Бактыбек Темирбеков өтүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
momun74
2018-09-23 16:15:41
Тпбылып калсын аман эсен
+7
Benazir08
2018-09-24 11:11:34
Каап бала учун ата эне эле эзилет да келип калсын эми эсен аман. Бул жанагындай оюнга азгырылып калган да азыр коп жаш антейин десен 40тагы киши да ошондой оюн ойноп уйбуло бузулуп кыскасы арнерсе болуп атышат. Бул да бир бсо ошондой букмекерский оюнга кирип алган
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан