Социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары Зууракан Каденова SUPER.KG'ге Түштүк Кореянын Сеул шаарындагы аэропортто орун алган окуясын айтып берди. Зууракан Каденова ошол учурда мас абалда болгону боюнча таратылган маалыматтар калп экенин айтты.
"Мен учууга жакын жүрөгүм ооруп жаткан. Жөнөкөй учурда корвалол дарысын 30 тамчыдан ичип келсем, Сеулдан Алматыга жетүү үчүн 6 сааттан ашык убакыт кете тургандыктан көп ичип алган болчумун. Артынан муз кошулган эки бөтөлкө кола ичип алгам. Мүмкүн ошонун курамында эле бир нерсе болбосо. Анан чуркап келип эле учакка отурганымда өзүмдү жаман сезип баштадым. Кускум келип кеткенинен учактын дааратканасына барайын десем ачыла элек болуп калды. Кыздар баштык алып келип берип, ага кусуп жибердим.
Учактын кызматкерлери келип "сиздин абалыңыз начарлап кетти, уча албайсыз" деп мени учактан түшүү керектигин айтышты. Мен уча берейин деп бир нече ирет суранганыма карабай түшүрүп коюшту. Анан элден мурун каттоодон өтүп алгандыктан биздин жүктөрдү чыгаруу үчүн жүргүнчүлөрдүн баарын түшүрүштү. Кайра учуп кетүүсүнө эки саатка жакын убакыт кетип калды. Менин учактан чыгарууда тоскоолдук жаратканымды айтып жатышат. Чынында андай болгон жок. Компания өкүлдөрү мага "кабатырланбаңыз, баары сиздин сырткы көрүнүшүңүз спирт ичимдигин ичип алган адамдай көрүнгөнүн айтканы менен, чынында сиздин ден соолугуңузда маселе болуп жатат" деп билетимди бир күн артка жылдырып беришти. "Кара тизмеге" кирген жокмун.
Ошондон кийин эле Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы элчилигинин кызматкерлери келип мени жатаканага жайгаштырып, 23-сентябрда ошол компаниянын учагы менен учуп келдим. Чынын айтканда, спирт ичимдигин таптакыр ичип көргөн эмесмин", - деди Каденова.
Каденова Түштүк Кореяга эмнеге барганын жана жогорудагы окуядан кийин аны кызматтан алынып калганы боюнча түшүндүрүп берди.
"Түштүк Кореядагы эл аралык инвестиция боюнча уюмдардын бири былтыр биздин бир кызматкерибизди окуткан. Быйыл да чакырышканынан биздин министрликтин эки кызматкери жана мен болуп барып окуп келдик. Жалпы 20 күн жүрдүк. Ал эми менин кызматтан бошотулушумду туура эле кабыл алдым. Өзүм катачылык кетирбегеним менен, өзүмдөн жогорку кызматтагы жетекчилердин чечимин сыйлайм", - деди Каденова.
Зууракан Каденова отурган учакта ошол күнү Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова да болгон. Ал окуяга күбө болгонун билдирди. "Бизди, Сеул-Алматы каттамындагы бардык жүргүнчүлөрдү чыгарышты. Бир жарым саат бою биздин министрликтердин биринде иштеген мас аялды алып чыга албай убара болушту. Жазбайын дедим эле, бирок аябай жиним келди. Эмне деген шумдук, уят", - деди Исмаилова.
Аталган жагдай боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы элчилиги да маалымат тараткан.
Ал эми каттам жүргүзгөн "Эйр Астана" компаниясы менен байланышканыбызда жүргүнчү учактан түшүрүлгөн маалда мас абалында болгонун тастыктады.
"Жүргүнчү чынында учактан түшүрүлгөн учурда мас абалында болгон. Эгерде жүргүнчүнүн жүрүм-туруму учууга кооптуу деп эсептелинсе, учактын экипажы аталган жүргүнчүнү каттамдан түшүрүү чечимин кабыл алат", - деп билдиришти компаниядан.