"Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри 2017-жылы күйөөсү менен Сауд Арабияга барганбы?" - деп укук коргоо органдарынан депутат Аида Касымалиева сурады.
Башкы прокурордун орун басары аталган маалыматты тактап бере турганын айтты.
"Премьер-министр уруксат бербесе да эмгек өргүүгө чыгып, үй-бүлөсү менен бир нече мамлекетке чыгып келген. АКШга, Санкт-Петербургга барган. 2018-жылы Лондонго күйөөсү барган. Италияга сапар жасаган. Ага министрликтин акчасы кеткен. Министр, анын орун басары чет өлкөгө көбүнчө окууларга чыгат экен. Атайын адистерге чакыруу келет, бирок алар өздөрүн жаздырып коюшат. Көпчүлүк учурда дипломатиялык паспортту колдонушат. Бул абдан уят иш", - деди Касымалиева.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болуп Таалайгүл Исакунова 2016-жылдан бери иштеп келүүдө. Ал азырынча аталган маселе боюнча комментарий бере элек.
Аталган маселе Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында талкууга алынды. Учурда билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык жактан коргоо, жаштар саясаты жана спорт жаатында балдардын укугун коргоону ишке ашыруу жөнүндө маалымат айтылууда.