Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Япония курамасы менен беттешет

Футбол боюнча Азия Кубогуна даярдануу максатында Кыргыз улуттук курама командасы Япония курама командасы менен беттешет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынан билдирди.

2019-жылы өтүүчү футбол боюнча Азия Кубогуна даярдануу максатында Кыргыз улуттук курама командасы Япония менен жолдоштук беттештерди өткөрөт. Аталган беттештер Тойота шаарындагы Тойота стадионунда 20-ноябрь күнү өтөт. Беттештин так убактысы кийинчерээк белгилүү болот.

Буга чейин Кыргыз улуттук курама командасы Азия Кубогуна даярдануу үчүн Палестина жана Сирия курамалары менен беттешкен. Кыргыз футболчулары Палестина менен беттеште 1:1 эсеби менен ойносо, Сирия курамасын 2:1 эсебинде утуп алган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Dembele84
2018-09-25 15:04:53
Япония менен ойноп тажрыйба алгыла,алдыда азия кубогунда да Японияга тушуп калышынар мумкун.
+2
Jetigen99
2018-09-25 15:15:29
Dembele84,Корея кытай филиппин менен бир группада
0
Dembele84
2018-09-25 15:45:23
Jetigen99,Группадан чыгып калса плей оффто Японияга тушпойт дегени турасынбы?
0
Bakyt.92
2018-09-25 17:51:28
Бул чон беттештердин башталышы болсун... Европа жактан да курамалар менен беттештерди откозуп тажрыйбаларды алса сонун болмок...
+2
Ermekdream
2018-09-25 21:38:51
Азия чемпионаты да башталышына аз убакыт калды көбүрөөк жолдоштук беттеш өткөрүп туруу керек
0
Ermekdream
2018-09-25 21:41:02
Мурда ойногон курамалар менен эмес башка ойноп көрбөгөн деңгээли боюнча бизден алдыда турган курамалар менен оюн өткөрсө
0
bekmaral
2018-09-25 23:31:38
Ermekdream,Между гана прочим Япония 2014-жылдагы дуйнонун чемпиону Германияны быйыл ЧМ-2018де 2-0 го женип уят кылган жон койгула чемпиондорду кантип женишти уйротот.
+1
Ermekdream
2018-09-26 20:17:55
bekmaral,кайра ошол маалыматты окуп чыксаң Япония бекен же Түштүк Корея анан жаз макул
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан