Футбол боюнча Дүйнө чемпиону: "Кыргыз курамасы Азия Кубогунда эң мыкты команда болот деп ишенем"

Франциянын курамында 1998-жылы Дүйнө чемпиону болгон Кристиан Карамбе Кыргыз курама командасын Азия Кубогуна аттанганы менен куттуктап, кубокту багындыра ала турганына ишенерин билдирди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы билдирди.

"Кыргыз курамасы, силер Азия Кубогунда эң мыкты болосуңар деп ишенем. Күчтүү болгула, өзүңөргө ишенип, көп ийгиликтерди багындыргыла. Бул трофейди силер ута аласыңар деп терең ишенем. Силерге бүгүнкү оюнда ийгилик каалайм!" - дейт Кристиан Карамбе.

Маалымдама: Кристиан Карамбе “Реал Мадрид” командасында ойноп, бир канча чемпиондуктарда “Эң мыкты оюнчу” аталган. Франция курама командасы менен Кристиан Дүйнө чемпиондугун (1998-жылы), Европа чемпиондугун (2000-жылы) жана Конфедерациялар кубогун (2001-жылы) жеңип алган. Азыркы тапта футбол ойноону токтотуп, УЕФАнын расмий элчиси кызматын аркалайт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Azat.97
2018-03-27 13:28:01
Оозунузга май Карамбе мырза.
+4
Akshumkar
2018-03-27 14:00:40
Биздин футболдук келечек алдыда буйруса. Теп теп теп эки буттун ортосуна теп. Тамаша.
-2
Asman...
2018-03-27 15:06:29
Оозуна май ылайым
+2
Kanzada97
2018-03-27 22:10:17
Айтканыныз келсин Карамбе рахмат. Ин Шаа Аллах.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан