Бүгүн, 6-январда Бириккен Араб Эмираттарында футбол боюнча Азия Кубогунун алкагындагы 1-турдун беттештери уланды. Анда Аль-Айн шаарында Иордания менен Австралия курама командалары кездешти.
"Хазза Бин Зайед" атындагы стадиондо орун алган беттеш 1:0 эсебинде Иорданиянын жеңиши менен аяктады. Беттештин 26-мүнөтүндө Иорданиянын оюнчусу Анас Бани Яссен эсеп санын ачып, иорданиялыктар атаандашына эсепти тең кылганга мүмкүнчүлүк берген жок.
Беттештин статистикасына көңүл бурсак, австралиялыктар топко 78 пайыз ээлик кылган. Оюнда Австралия 19 сокку, Иордания 10 сокку узаткан.
Айта кетсек, Австралия курама командасы учурдагы Азия Кубогунун чемпиону, алар 2015-жылы өткөн мелдеште жеңишти багындырган.
Кыргыз курама командасы Азия Кубогуна даярдануу максатында өткөргөн окуу-машыгуу жыйындарында Иордания курама командасы менен беттешип, 1:0 эсебинде жеңип алган.