Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Түштүк Корея менен беттештин алдына машыгууларды өткөрдү.
Машыгууларга Кыргыз курамы толугу менен катышты. ЖМК өкүлдөрүнө машыгуунун алгачкы 15 мүнөтү гана ачык болду. Жалпы машыгуулар 1 саат өтөт.
Белгилүү болгондой, Кыргыз курама командасы эртең, 11-январда Түштүк Кореяга каршы "Хазза Бин Зайед" стадионунда беттешет. Бул беттештин алдында башкы машыктыруучу Александр Крестинин менен оюнчу Тамирлан Козубаев маалымат жыйында журналисттердин суроолоруна жооп берди.