"Кош жарандыгы бар жарандарга чара көрүү боюнча эрежелерди өзгөртүп берүү керек". Мындай пикирин депутат Дастан Бекешев парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында айтты.
Депутат Талант Мамытов мыйзамда эмне жетишсиз болуп жатканын сурады. "Депутат болсо мандатынан ажыратылат. Кызматы болсо иштен кетет. Жөн эле жаран болсо туура эмес маалымат бергени үчүн жазага тартылат. Менимче, азыркы мыйзамда баары эле ачык жазылган. Өзгөртүү киргизүү шарт эмес деп ойлойм", - деди ал.
Бекешев укук коргоо органдары аталган факты боюнча жазага тартууну өзгөртүп берүүнү суранышканын билдирди.
"Президенттин "Кылмыш-жаза кодексин өзгөртпөй тургула" деген суранычынан улам бул өзгөрүүлөр 2020-жылы күчүнө кирсе туура болсо керек. Мен да кайсы жерин өзгөртүү керектигин так билбейм. Бирок укук коргоо органдары суранып жатышат", - деди Бекешев. Ал Кубанычбек Кулматовдун экинчи жарандыгы жок экенин Башкы прокуратура 5-чакырылышта эле айтканын кошумчалады.
Буга чейин Улуттук коопсуздук комитети Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматов Кыргыз Республикасынын жарандыгын мыйзамсыз алган деп тапкан. УКМКнын пикири боюнча, Кулматов 1995-жылы СССРдин жараны деген паспортун жоготуп жиберип, Орусия Федерациясынын паспортун алган. "1996-жылдын 26-ноябрында СССР жараны делген паспорту менен Бишкек шаарындагы Биринчи Май районунан мыйзамсыз Кыргыз Республикасынын жараны деген паспорт алган. Кийин ал паспортторун 2001, 2003 жана 2013-жылы жаңылаган", - деп билдирген УКМК.
Ал эми жактоочу Сергей Слесарев Кулматовго "Орусиянын жараны болуп туруп 1990-жылдары Кыргыз жарандыгын алган" деп иш козгоо туура эмес деп пикирин айткан. "Эгер ал чын эле ушундай кылган болсо, мыйзамда көрсөтүлгөн кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткен, Кулматовго тагылган берененин мөөнөтү 1 жылдан 3 жылга чейин гана. Ал эми учурда ортодон 20 жылга жакын убакыт өтсө дагы иш мыйзамга карабай козголууда", - деген Слесарев.