Эртең, 14-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда экс-мэр Кубанычбек Кулматовдун жарандыгына байланыштуу сот отуруму өтөт. Бул тууралуу КСДПдан билдиришти.
Маалыматка караганда, отурум саат 14:00гө белгиленген.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кубанычбек Кулматов Кыргыз Республикасынын жарандыгын мыйзамсыз алган деп тапкан. УКМКнын пикири боюнча, Кулматов 1995-жылы СССРдин жараны деген паспортун жоготуп жиберип, Орусия Федерациясынын паспортун алган. "1996-жылдын 26-ноябрында СССР жараны делген паспорту менен Бишкек шаарындагы Биринчи Май районунан мыйзамсыз Кыргыз Республикасынын жараны деген паспорт алган. Кийин ал паспортторун 2001, 2003 жана 2013-жылдары жаңылаган", - деп билдирген УКМК.
Ал эми жактоочу Сергей Слесарев Кулматовго "Орусиянын жараны болуп туруп 1990-жылдары Кыргыз жарандыгын алган" деп иш козгоо туура эмес деп пикирин айткан. "Эгер ал чын эле ушундай кылган болсо, мыйзамда көрсөтүлгөн кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткен, Кулматовго тагылган берененин мөөнөтү 1 жылдан 3 жылга чейин гана. Ал эми учурда ортодон 20 жылга жакын убакыт өтсө дагы иш мыйзамга карабай козголууда", - деген Слесарев.