Кубанычбек Кулматов 20 жылга кесилиши мүмкүн

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун акыркы айыбы угузулду. Бул туураалуу маалыматты SUPER.KG`ге анын жактоочусу Сергей Слесарев тастыктады.
Анын айтымында, экс-мэрге "коррупция" беренеси боюнча айып тагылып жатат.
"Кулматов айыпталып жаткан "коррупция" беренесинин 2 пункту боюнча (уюмдашкан топ менен биргеликте) мыйзамда үй-мүлкүн конфискациялоо менен бирге 20 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
Тагылып жаткан айып мыйзамсыз жана негизсиз деп эсептейбиз, аны менен макул эмеспиз", - деди Слесарев.

Окуянын чоо-жайы:

18-майда Кубанычбек Кулматовго карата "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Мунун алкагында ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деген айып тагылган.

5-июнда ал УКМК тарабынан камакка алынган.

14-июнда ага карата дагы бир кылмыш иши козголуп, ал "документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу" жана "мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренелеринин негизинде ачылган. УКМК Кулматов Кыргыз жарандыгын мыйзамсыз алган деп маалымат тараткан. Кубанычбек Кулматов ушул күнгө чейин УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
faraon312
2018-12-27 01:02:13
Сүлүк курттар... Байлыгыңарга тойбосоң силерге бул жаза да аздык кылат! Камалсын! Мүлкү кытай карызынын бир үлүшүнө жарап калар! Ушундай арам тамактардын айынан өлкөбүз сызга отуруп келе жатат...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан