Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматов жана жардамчысы Эркин Асрандиев “Брид” компаниясынын канаттуулар фабрикасын мыйзамсыз тартып алышкан. Мындай пикирди бүгүн, 27-августта маалымат жыйынында аталган фабриканын адвокаты Кайрат Загимбаев билдирди.
Анын айтымында, 5 миллион долларга бааланган канаттуулар фабрикасы Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондуна 2 миллион 700 миң доллар карыз болгон. "Мындан улам фонддун ошол кездеги башчысы Кубанычбек Кулматов рейдерлик жол менен канаттуулар фабрикасын фонддун карамагына өткөрүп алган", - дейт Загимбаев.
“Окуя 2015-жылы башталган. Чүй облусунун Ленин районунда жайгашкан “Брид” компаниясына караштуу канаттуулар фабрикасынын ээси Владимир Хегай ишкананы модернизациялоо үчүн Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан кредит алуу үчүн кайрылат. Фонд бул кайрылууну карап чыгып, заманбап жабдыктарды сатып алууга 2 миллион 700 миң доллар бөлүп берген. Ал акчага жабдыктар сатып алынып, тоок фабрикасы өз продукциясын берип, жумуш өз нугунда жүрүп жаткан. Бирок алынган насыянын негизги суммасын кайтарып берүүгө келгенде көйгөйлөр жаралган.
Ошол кезде канаттуулар фабрикасынын баасы 5 миллион доллар эле. Фонддун ошол кездеги төрагасы Кубанычбек Кулматов жана анын орун басары Эркин Асрандиев “Брид” канаттуулар ишканасынын жетекчиси Владимир Хегайды чакырып: "Сиз бизге 2 миллион 700 миң доллар карызсыз. Карызды кутула албасаңыз, бизге канаттуулар фабрикасын бериңиз. Биз болсо сизге 2 күндөн кийин 2 миллион 300 миң доллар беребиз" деп келишим түзүп, фабриканы өздөрүнө өткөрүп алышкан. Бирок эки күндөн кийин алар акчаны да, канаттуулар фабрикасын да бербей коюшкан.
Ошондон бери кайрылбаган жерибиз калган жок. Алмазбек Атамбаевдин бийлиги учурунда биздин үнүбүздү эч ким уккан эмес. Азыр да Башкы прокуратурага, УКМКга арыз жазып, президенттин атына кайрылуу жолдодук. Бирок жыйынтык жок. УКМК болсо канаттуулар фабрикасына байланыштуу ишке кылмыш ишин козгоодон баш тартты”, - деди адвокат.
SUPER.KG порталы бул окуя боюнча экинчи тараптын жана Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун пикирин угуп, жарыялоого даяр.