Бишкек шаарынын экс-мэри Кубанычбек Кулматовду абакта калтыруу соттордун бийликтен келген тапшырманы аткарып жатканын далилдейт. Мындай пикирин SUPER.KG порталына Бишкектин мурунку мэри Кубанычбек Кулматовдун жарандык адвокаты Токтайым Үмөталиева билдирди.
"Кубанычбек Кулматовго карата ачылган иш боюнча 6 айдан бери бир дагы далил материалдар жок. Артур Шадыбеков деген тергөөчү "биз материалдарды издеп жатабыз" дейт. А эмнеге издеп таап туруп камабайт? Материалдарды таап, экспертизадан өткөрүп, баары далилденсе анан камаш керек да. Шадыбековдун кандайча УКМКга келип калганы таң калтырат. Ал бир нече жарандын үйүн мыйзамсыз тинтүүгө алганы далилденген. Ага карабай бул баланын кайра УКМКга келгени бир нече шектүү ойлорду жаратат.
Бүгүнкү үч соттун экөөсү мурда бул ишти караган. Аларга ишеним көрсөтпөө боюнча арызыбыз канааттандырылган жок. Андан соң сотторго жогору жактан тапшырма келбегени чын болсо бул ишти кароодон баш тартуусун сурадык. Президенттин аброюн сакташ үчүн жок дегенде өздөрү баш тартыш керек эле. Тилекке каршы, андай да болгон жок. Демек, мунун баары соттор бийликтен келген тапшырманы аткарып жатканынын далили болуп эсептелет", - деди Үмөталиева.
Белгилей кетсек, Жогорку Сотто 30-октябрда Кулматовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу жактоочусунун арызы каралып, канааттандырылган жок.