Акыйкат издеп Баткенден Бишкекке жөө келаткан тургундун маселеси боюнча милиция жооп кайтарды
SUPER.KG порталына Баткен районунун Сайтраим Абдилатов аттуу тургуну кайрылып, уулу күнөөсүз жерден кылмышка шектелип кармалып, акыйкат издеп Баткенден борборго чейин жөө аттанганын билдирген.
Бул маселе боюнча Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова төмөндөгүлөрдү билдирди.
"2018-жылдын 25-августунан 26-августуна караган түнү Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылында белгисиз айдоочу автоунаа менен Араван районундагы Найман айылынын 41 жаштагы М.Н. аттуу тургунун сүзүп, качып кеткен. Натыйжада М.Н. денесинен алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө окуя болгон жерде жайгашкан дүкөндөгү видеобайкоодогу тасмалар алынып, кароо жүргүзүлгөн. Мындан сырткары Кызыл-Кыя шаарынан Баткен районуна чейинки аралыкта коюлган видеобайкоодогу бардык тасмалар каралып, Баткен районунун Бужум айылынын 20 жаштагы С.уулу.К аттуу тургунуна таандык болгон Тойота Камри үлгүсүндөгү автоунаа аныкталып кармалган. Кармалган автоунааны текшерүүдө унаадан кызыл түстөгү канга окшош тактар табылган. Окуя болгон жерден алынган канга окшош тактар, унаадан алынган тактар жана маркумдан алынган кан менен биргеликте соттук-биологиялык экспертизага жиберилген. Экспертизанын корутундусунда алынган тактар маркумдун каны болушу мүмкүн экендиги аныкталган. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусунда 41 жаштагы М.Н. жол кырсыгынан баш сөөгүнөн жаракат алып каза болгондугу белгилүү болгон. С.уулу.К. 2018-жылдын 13-сентябрында шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Бүгүнкү күндө жогорудагы кылмышты ар тараптуу, объективдүү тергөө үчүн дагы кошумча экспертизалар дайындалып тергөө иштери жүрүп жатат", - деди Юсупова.