Ырчы Каныкей кыздуу болду

Ырчы Каныкей кыздуу болду. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына сүйүнчүлөдү.

Маалым болгондой, ырчы ымыркайын 24-сентябрда жарык дүйнөгө алып келип, бүгүн төрөтканадан үйүнө чыгып келди.

"Кудай буюруп кыздуу болдук. Атын таенеси Акмарал деп койду. Биринчи төрөтүмдө аябай кыйналган болчумун. Бул жолкусу жеңил болду. Төрөтканага түнкү саат 12лерде келгем, арадан 1 жарым саат өткөндөн кийин эле төрөдүм. Азыр кызымдын да, өзүмдүн да ден соолугум жакшы", - дейт кубанган ырчы.

Айта кетсек, Каныкей менен жолдошу буга чейин 1 уулду тарбиялап келген.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Nurzada_0111
2018-09-26 13:49:46
Бактылуу кыз болсун
+10
dastan_nookat
2018-09-26 13:53:08
Өмүрү узун болсун!!
+8
Aitun
2018-09-26 14:31:45
Бир кубанычтуу кабар.Каныкей акылдуу экен. Конечно уй булоо биринчи орунда болуш керек. Омуру узун бактылуу кыз болсун.
+5
Kairat1996
2018-09-26 14:35:09
Чыгармачылыгынды да таштаба. Абдан таланттуу чыгармачыл адамсын. Талантын болсо элден жашырып эмне кыласын.
+3
rysik79
2018-09-26 15:16:07
Бешик боонор бек болсуун!!!
+5
bekov01
2018-09-26 15:30:30
Бактылуу кыз болсун
+4
Sajakat14
2018-09-26 22:09:20
Бактылуу эне бол Каныкей!!! Жолдошуң бактылуу жар, ата болсун! Кызың бактылуу кыз болсун! Бешик бооң бек болсун! Ден соолукта болсун кызың! Азамат үй бүлөнү жакшылап түптөп ал! Ынтымакта, сый урматта бири бириңерге, тынчтыкта өмүр сүргүлө!
+5
Aikaaaa
2018-09-27 00:20:56
Азаматсың Каныкей! Бешик бооңор бек болсун!
Ар кимге боюмда бар, тигиндей,мындай деп жарыя кылбай деле тынч төрөсө болот тура
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан