Жантөрө Сатыбалдиев кардиология борборунда дарылануусун улантууда

Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Улуттук кардиология борборунда дарылануусун улантууда. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда SUPER.KG порталына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Сатыбалдиев Улуттук кардиология борборунда бир аптадан ашык убакыттан бери дарыланып жатат. УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов Сатыбалдиев 18-сентябрда кардиология борборуна которулуп, дарыгерлердин текшерүүсүнөн өтүп жатканын билдирген.

Акыйкатчы институту да анын ден соолугуна тынчсызданып, дарыгерлердин кароосунан өтүүсү керектигин эскертип келген.

Сатыбалдиев 18-июнда Бишкек шаарындагы ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча шектүү катары кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. 20-июнда Биринчи Май райондук соту Жантөрө Сатыбалдиевди тергөө бүткөнгө чейин абакта калтыруу чечимин чыгарган. Ал эми 8-августта камакта калуу мөөнөтүн 2 айга узарткан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан