Бүгүн, 11-декабрда Биринчи Май райондук сотунда Бишкек ЖЭБиндеги өндүрүштүк кырсыкка байланыштуу козголгон кылмыш иштин бирин кароо улантылды. Сот отурумунда Бишкек ЖЭБдин башкы инженеринин эксплуатация боюнча орун басары Юрий Календарев суралды.
Календарев өндүрүштүк кырсыктын келип чыгышы аба ырайынын төмөндөп кетиши жана жабдыктар жайгашкан бөлүктө терезелердин жана чатырдын жок экени маселени курчуткандыгын белгиледи.
Календарев абалды жөнгө салууга нөөмөттөгү кызматкерлер тарабынан толугу менен аракет жасалганы менен, жакшы жыйынтык бербегенин айтты. Бирок ага нөөмөттөгү кызматкерлерди күнөөлүү катары саноого кошулбай турганын кошумчалады.
Ишти карап жаткан судья Эмилбек Кайыпов сот отурумун 13-декабрда улантууну чечти.
"Бишкек жылуулук" менен "Электр станциялары" ишканасы ЖЭБдеги кырсыкты жөнгө салууда келтирилген чыгымдар боюнча энергетика тармагындагы ишканалардын мурунку жетекчилери Айбек Калиев, Бердибек Боркоев, Узак Кыдырбаев, Темирлан Бримкулов, Нурлан Өмүркул уулу, Нургазы Курманбеков жана Нурлан Садыковдон 89 миллион сомдон ашык акча өндүрүп берүүнү талап кылууда.
Козголгон кылмыш иштин негизинде "Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев, "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Бердибек Боркоев, “Электр станцияларынын” мурдагы директору Узак Кыдырбаев жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов УКМКнын тергөө абагында, ал эми калган үчөө үй камагында.
Окуянын чоо-жайы:
Ушул жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Андан кийин ЖЭБди жаңылоого Кытайдан алынган 386 миллион доллар насыя туура эмес пайдаланганы ачыкка чыгып, 4 кылмыш иши козголгон. Анын негизинде энергетика тармагындагы ишканалардын жетекчилеринен тышкары мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев кармалган. Алар учурда УКМКнын тергөө абагында.