Бүгүн, 10-апрелде Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу "коррупция" менен айыпталган мурдагы 8 чиновниктин иши боюнча соттук отурум өттү. Саат 12:00дөн 14:00гө чейин танапис жарыяланды.
Отурум кичинекей залда өтүп жатканына байланыштуу дээрлик бардык журналисттер жана соттолуучулардын тарапташтары киргизилген жок. Жактоочулар отурумду чоң залда өткөрүүнү суранышканда, сот бул өтүнүчтү канааттандырган жок.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
Былтыр 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган. Кийин КСДП бул боюнча билдирүү таратып, өндүрүштүк кырсык Бишкек ЖЭБинин жаңыланган бөлүгүндө эмес, эски бөлүгүнөн чыкканын белгилеген. Анда: "1961-жылы пайдаланууга берилген ЖЭБди реконструкциялоо шаарды кыйроодон аман алып калды. Мына ошол кыйроонун алдын алгандар бүгүн камакта отурушат", - деп жазылган.
Андан кийин Жогорку Кеңеш ЖЭБдеги аварияга байланыштуу өкмөттүн 2017-2018-жылдардагы күз-кыш мезгилдерге даярдыгын "жетишерлик эмес" деп таап, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу боюнча токтомду караган.
Бишкек ЖЭБин жаңылоодо "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку директору Айбек Калиев, "Электр станциялары" ишканасынын мурунку жетекчиси Салайдин Авазов, "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы каржы министри Ольга Лаврова.