Жантөрө Сатыбалдиев УКМКга сурак берди

Бүгүн, 13-июнда мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке сурак берди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди.

Маалыматка ылайык, Сатыбалдиев ЖЭБди модернизациялоого байланыштуу коррупция фактысы боюнча күбө катары сурак берди.

Белгилей кетсек, 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алынган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан