Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда милиция бөлүмүндө бычакталып өлтүрүлгөн Бурулай Турдали кызынын окуясы боюнча соттук отурум өтүүдө. Айыпталуучуларды сот залына алып келишти. Алар кызды ала качкан жигит Марс Бөдөшов жана анын жанындагы досу Акмат Сеитов. Учурда сот жараяндын катышуучулары менен тааныштырып отурумду баштады.
Отурумда айыпталуучу Марс Бөдөшов соттун "күнөөнү толук моюнуңа аласыңбы" деген суроосуна "Мен күнөөнү жарым-жартылай алам, тактап айтканда, кызды ала качканымды моюнума алам" деп жооп берди. Ошондой эле ал Бурулайды биринчи жолу ала качканда өз макулдугу менен ала качканын айтты. Ал эми ага жардам берген досу Акмат Сеитов "күнөөмдү моюнума албайм" деп жооп берди. Учурда соттук отурум уланууда. Жабырлануучу тараптан өкүл катары маркум Бурулайдын атасы Турдали Кожоналиев сөз сүйлөөдө.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак: Ушул жылдын 27-май күнү Бишкек шаарында жигит кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Көп узабай жигит менен кыз бара жаткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.
Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Каза болгон кыз 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы, ал эми жигит 29 жаштагы Марс Бөдөшов экендиги анык болгон. Бурулай Турдали кызы борбор шаардагы медициналык окуу жайлардын биринде окуй тургандыгын жана ушул жылдын август айында Марс Бөдөшовго эмес, башка жигитке турмушка чыгууга даярданып жатканын жакындары айтып беришкен.
4-июнда Бурулайдын өлүмү боюнча 23 милиция кызматкерине чара көрүлүп, анын катарында Чүй ОИИББинин башчысы Нурлан Сарчаев кызматтан алынган. Жайыл райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) боюнча Жайыл РИИБинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон. Милиция кызматкерлерине карата козголгон кылмыш иши дагы Жайыл райондук сотунан облустук сотко өткөрүлүп берилген.