Бурулайдын өлүмү боюнча сотто мамлекеттик айыптоочу Бөдөшовду 23 жылга, ал эми Сеитовду 7 жылга эркинен ажыратууну сурады

Милиция бөлүмүндө бычакталган Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча соттук отурум бүгүн, 10-декабрда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда уланууда.

Соттук отурумда жарыш сөз башталды.

Анда мамлекеттик айыптоочу жарыш сөздү баштап, айыпталуучу Акмат Сейитовдун күнөөсү боюнча айтууда.

Прокурор айыпталуучу Акмат Сейитов "ала качуу" беренеси боюнча күнөөлүү экендигин айтты. Анда ал ала качууга даярдангандыгын, Бурулайдын үйүнөн аны ала качып баратканда унаанын рулунда Сейитов болгонун айтты.

"Жаза чектөөдө жеңилдетүүчү жана оордотуучу эки жагдайды карап коюуну суранам. Жеңилдетүү жагдайы бул эки айыпталуучу мурда соттолбогондугун эске алууну, ал эми оорлотуу боюнча күчөтүлгөн тартипте жазасын өтөөнү сунуштайм", - деди айыптоочу.

"Марс Бөдөшовду Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (кыз ала качуу) боюнча эки кылмыш иши ( бири 4-майда бири 27-майда) жана 97-беренеси "адам өлтүрүү" менен айыптуу деп таап ала качуу боюнча эки кылмыш ишине 7 жыл, ал эми киши өлтүрүү боюнча 20 жыл. Жалпысынан 23 жылга эркинен ажыратууну суранам", - деди мамлекеттик айыптоочу.

"Ал эми Сейитовду ала качуу боюнча 7 жылга эркинен ажыратууну жана жазасын күчөтүлгөн тартипте өтөөнү сунуштайм" деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Siren.ms
2018-12-10 11:36:36
Досу 7 жылга окунучтуу
+3
Kymbatym
2018-12-10 12:17:34
Көзүн чоң ачып жүрүшсүн эркектер кыз силерге мал эмес ушундай 7жылга кетесиңер кичине болсода кыздын баркын билесиңер.А Бурулайдын киши колду болгону жаман болду байкуш кыз он гүлүнүн бир гүлү ачылбай жатып бул дүйнөдөн кете берди күнөлү татыктуу жазасын алыш керек
-1
aza84
2018-12-10 13:03:13
Бул уже черезчур
-1
Kymbatym
2018-12-10 20:19:27
aza84,Неге через чур адам бирөөнүн айдан кызын урдап мыкачылык менен өлтүрүп койсо силерге бул чымын чакканчалыкда эмеспи?керек болсо өмүр бою камалып түрмөдө чирип кетишсин
0
nemo2016
2018-12-11 11:18:34
Kymbatym,куноосу далилденбей жататго сенда адамсынбы кыз жигит болуп суйушуп куйушуп жургон ата энеси каршы болуп ушул даражага жетти милицияларда деп кумон санап жатам ишитин баары
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан