Бүгүн, 29-ноябрда Свердлов райондук сотунда Бурулай Турдали кызынын окуясы боюнча соттук отурум уланды. Анда Бурулайды ала качууга катышкан деп айыпталып жаткан Акмат Сейитовдун апасы Калима Сейитова да соттук отурумга келди. Ал уулу 6 айдан бери камакта ак жеринен отурат деп эсептейт.
"Менин баламдын эч күнөөсү жок, ак жерден камалып отурат. Ар бир сот болгон сайын Таластан бери келип жатам. Балама деги акыйкаттык болобу?
Акмат ошол күнү Таластагы жубайына жана балдарына барам деп Марстын унаасына түшүп калып ушул окуяга кабылып калды. Эми 6 айдан бери камакта отурат. Акмат мени бага турган бала. Азыр айылда келинчеги эки баласы менен чыркырап отурат. Келиним Акмат камалгандан кийин экинчи баласын төрөгөн", - деди Калима Сейитова.
Ошондой эле Калима Сейитова уулунун мүнөзү жоош экенин жана ала качууга каршы пикирде болгонун белгиледи.