Жайыл РИИБинде бычакталган Бурулайдын өлүмү боюнча 23 милиция кызматкерине чара көрүлдү

Милиция бөлүмүндө бычакталып, каза болгон Бурулайдын иши боюнча ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан жүргүзүлүп жаткан кызматтык иликтөө аяктады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй ОИИББинин жана Жайыл РИИБинин жетекчилигинин кызматка болгон мамилелери жөнүндө кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, жыйынтыгында кызматкерлердин ишке болгон мамилесиндеги кемчиликтери аныкталды.

Кызматынан бошотулгандар:

Н. Сарчаев., Чүй ОИИББинин башчысы;

К. Жумаев., Чүй ОИИББинин башчысынын орун басары;

М. Асанов., Чүй ОИИББинин башчысынын орун басары;

М. Исмаилов., Жайыл РИИБинин башчысы;

А. Аблабеков., Жайыл РИИБинин коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары;

Э. Кадышев., Жайыл РИИБинин тергөөчүсү;

Т. Ниязалиев., Чүй ОИИББинин жол коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн жолду көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы;

Т. Макашов., Чүй ОИИББинин жол коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнүн ага тескөөчү-нөөмөткери.

Кызматынан биротоло бошотулгандар:

Ж.Абыканов., Жайыл РИИБинин башчысынын орун басары;

И. Иманалиев., Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнүн ага нөөмөткер-тескөөчүсү;

Н.Эсенкулов., Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнүн нөөмөткер-милиционери;

М. Макеев., Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнүн имарат күзөт тобунун милиционери;

А.Атакулов., Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнүн имарат күзөт тобунун милиционери.

Сөгүш алгандар:

Э.Орозакунов., ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын ыкчам чара көрүү борборунун башчысы;

А. Исаковго., Чүй ОИИББинин коомдук коопсуздук кызматынын башчысы;

А. Сакишов., ИИМдин жол коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн Чүй ОИИББи боюнча башчысы;

Эскертүү алгандар:

Б. Чаргынов., Жайыл РИИБинин башчысынын орун басары;

З. Айткожоев., Чүй ОИИББинин жол коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн 5-взводунун кенже тескөөчүсү;

К. Сабыров., Жайыл РИИБинин тергөөчүсү;

А. Ормокеев., Жайыл РИИБнүн криминалдык милиция кызматынын ыкчам өкүлү;

З. Байтереков., Чүй ОИИББ боюнча жол коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн 5-взводунун кенже тескөөчүсү;

Б.Майлыбаев., Чүй ОИИББинин кайгуул күзөт кызматыны 2-ротасынын милиционери;

Ш. Юсузов., Чүй ОИИББ боюнча жол коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнүн жардамчысы.

"Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен жумуштан биротоло айдалгандар - 5, ээлеген кызмат ордунан боштулгандар - 8, кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертилгендер -7 жана башка кызматкерлер тартип жазаларына кириптер болушту. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы юридикалык баа берүү үчүн прокуратура органдарына жиберилди. Тактай кетсек, Жайыл РИИБинин имаратында жасалган адам өлтүрүү фактысы боюнча Жайыл райондук прокуратурасы тарабынан милиция кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренесинин (шалаакылык) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө", - деди маалымат катчы.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (50)
Nuri1988Elim2010
2018-06-04 22:00:51
Ата-энесин куноолобонуздор.Ата эне балдарына жамандык кааалабайтго,Мин бербейм деседа олтургону аракет кылбай,ата энесинин ыраазычылыгын алып,ишеничине киргени аракет кылуу керек эле.Баласын жоготуу ата эне учун эн оор сокку.Эч кимди баласынан ажыратпасын кудайым.Милиция кызматкерлери шалаакыланбаганда может мындай болбойт эле дейм,бирок бул буйрук бешенесинде балким ушундай кун бар учун,кетти оо дуйного
+5
Pchelka85
2018-06-04 22:25:45
Nuri1988Elim2010, албетте ар бир ата-эне баласына жамандык каалабайт.. но анча мынча жерден баланын да оюн учитывать этип коюш керек.. казыр кай жакты ачып окуба только ьаланы куноолоп, кордон алып жерге жерден алып корго салып атышат.. да бала куноолу... эч ким аны танбайт.. ал башка адамды омурун алганга акысы жок болчу... но бул ата-эненин башка адамга макул болуп сойко салдырып койгондун последствиеси болуп атат да туурабы... тем более кыз иштечу экен го..
-8
fantomas
2018-06-05 00:02:32
Pchelka85, кыздын ата-энеси озу билет, кызын кимге беришти... Жигиттен сураш керек беле?!!

Ата-эненин чечиминин последствиеси деп кайсы логикага таянып айтып жатасын?!! Логика барбы озу?!!

ХХХХХХХХХХХХХ
+5
Aza17
2018-06-04 22:23:47
Урматуу окурман сени да нары суйроп бери суйроп РОВДга алып барып олтуруп койсо адилеттуу болобу.Адам омуру кыйылып жатса да Кыргызга баар бир болуп калганбы? Айлыгы аз тиги-бу боорунар кейит. Адам олуп жаткандан кийин чара корулот эмес тийешеси барлар камалышы к.к. жоопкерчилик болуш к.к.
+5
Pchelka85
2018-06-04 22:31:09
Aza17,туура айтасыз но ошол канчалык денгээлде калыстык менен болуп атат деп ойлойсуз? Ооьа милиция кызматкерлеринин куноосу бар.. шалаакылык.. бала да куноолу. Ар ким оз жазасын алат. Ошол эле учурда эмнеге ата-эненин жоопкерчилигин крабайбыз??? Кызы иштеп эле журчу экен го. Корпокпой качпай эле.
Коркон, качкан кыз уйдо отурат го дейм. Кечиресиздер, туалетке жалгыз барчу эмес деп атышат.. короонун ичинде турган туалетке жалгыз барбаса, кочодогу магазинге эмнеге жалгыз чыгарышат анда???
-9
fantomas
2018-06-04 23:59:12
Pchelka85, эми 24 саат бою жанында коруп журушпогон чыгаар...

+6
Pchelka85
2018-06-04 22:35:27
Баланы озунчо эле Монстр кылып салышты... ким билет балким экоо тен чогуу кетели дешкен бул дуйнодон болбосо тигил дуйного... эч ким билбейбиз да аны. Ал кабинетте бекиткенден кийин эмне соз болгонун бир Кудай бир бейиши болгур Кыз анан бала билет...эми бала эмне деп айтпаса да эч ким ишенбейт ага..
-7
fantomas
2018-06-04 23:57:35
Pchelka85, Балким кыз жигитке бычак сайып, анан озун кескилеп олгон чыгаар?!! ХХХХХХХХХХХХ
+6
Pchelka85
2018-06-04 22:41:04
Бала деле бечара олтуруп коем деп ойлобогон чыгарр. Жакшы ой менен ала качса да уй булолуу болуп бактылуу жашайм деп ойлоп ала качкан чыгаар.. разве не так??!! Ал деле ары бери суйроп анан РОВД га алып барып бычактап салам деп ала качкан жок да туурабы. Но бир чети балада бычак кайдан пайда болду? Баланын жанындагы шоферу эмне деп атат.. ошолорду деле угуп коюшса болот го Журналисттер... б
-5
fantomas
2018-06-04 23:55:37
Pchelka85, бала кандай ой менен ала качканында эмес, кандай ойго берилип бычактаганында... Машинеден тушоордо эле бычак которо тушконунун озу кылмышка мотиви болгонун айтып турат...

Анан кайсы логикага таянып балага жан тартып жатасын?!! ХХХХХХХХ
+5
Pchelka85
2018-06-05 10:25:56
fantomas, мотиви намыстанган бала.. кызжын апасы оз оозу менен айтып атат" жаштык кылып суйуп суйлошкондур танбайм аны но кызыман сураганда Апа Нурлан байкени ТАНДАДЫМ деп айткан деп""" мына сизге мотив...кыз эки бала менен суйлошсо 20 жаштагы кыз.. ии жаштык кылды ..
0
fantomas
2018-06-04 23:07:13
Бул чара жетишсиз. Кызматтан алынгандар эртен эле башка жумуш таап алышат. Убактылуу жумуштан бошоткондорду болсо 1-2 айдан кийин кайра эле органга кызматка алышат...

Эми кеп прокуратурада калыптыр... Прокуратура адилет чечим чыгарып, куноолуу милициялар соттолобу же жокпу, де сыртынан соттомуш болушабы, кеп ошондо... Жумуштан алуу менен эле бутту деп ойлошсо, анда адилеттуулук, мыйзамдуулуктун жок экени ошол...
-1
Medina87
2018-06-04 23:27:27
Кыздын ата-энеси кызынын да бактысын ойлош керек болчу.
Неге сойко сал анан уйдон той кылып алып кет дешет?
Ошол созго ишенип кыз да жигит да макул болушуптур.
А эмнеге жигиттин туугандары куда тушуп келсе "Кызымды бербейм"- деп чуу чыгарат кыздын атасы созундо турбай??
Бул жерде мен тек гана кыздын атасын куноолойм!!
Кыздын жаткан жери жайлуу болсун!!
Бирок, орто жолдо кызматынан боодо айрылган кызматкерлерге жаным ачыйт.
Неге? Алар да ушунда
-3
aksy94
2018-06-05 09:04:22
Medina87,эмнеге чырактай болгон кызга и кызынан айрылган ата энеге боорун оорубай жумушунан алынган кызматкерлерге боорун ачыдыбы ошол кыз эгер сага жакын адам болгондо корот элем ошол кызматкерлерге боорун ооруйт беле
+1
Medina87
2018-06-04 23:31:32
Кыздын атасы жигитти тушунсо болмок. Кыз байкуш эгер жигитти суйбосо аны менен 3 жыл суйлошмок эместир эле.
Бир эмес эки ала качуу болуптур.
-5
fantomas
2018-06-04 23:52:59
Medina87, кыздын жигитте конулу бар экени так бекен же баланы жактагандардын ушагыбы?!!

Бир тарап айтат, экоо суйлошуп жургон деп. Экинчи тарап айтат, качып жургон деп... Анан калса, кыз макул болсо, милицияга деле тушундурсо болмок, мен озум макул болдум деп...

Мен кыздын макул болгонуна ишенбедим ачыгы...
+5
Medina87
2018-06-05 00:42:44
fantomas,
Кыз менен жигиттин мамилесине бир Кудай кубо!!
-3
fantomas
2018-06-05 00:05:57
Pchelka85, ошол кылмышкер бала сенин инин окшойт ээ?!!

Же тууганын... Бут эле сенин комметтерин...

Баланы ошол кылмышты кылууга кыздын ата-энеси себепчи болушкан имиш...

Кыз озу олгусу келип, жигит экоо бир-бирин олтургон имиш...

Мынча сандырак пикирлер сенден чыканына эч тан калбадым ачыгы...
+3
Pchelka85
2018-06-05 00:24:12
fantomas, жакшылап окуп ал козунду чон ачып. Мен сага менин оюмду тануулаган жокмуг. Менин айтканым ал менин оюм... и не тебе решать... эмне жазып эмне коюшум керек экенин. Мына недавно эле Бишкекте деле бир жаш кызды сузуп анысы аз келгенсип устунон тебелетип кеткен айдоочуну уй камагына чыгарып койду го. Мурунку бир замминистрдын баласын экен ал айдоочу.. бул эмне дегендик. Значит мыйзам деп кыйкырсак ал мыйзам крапайым адамдарга карата эле иштейт экен да...
0
Pchelka85
2018-06-05 00:30:02
Мыйзам мыйзам деп эле кыйкырасынар. кана мыйзамдын иштегени анда замминистрдин баласын? Кана мыйзамдын иштегени Иса омуркуловдун баласын ?? Кана???? Хренов политики..
0
fantomas
2018-06-05 00:32:18
Pchelka85, туура, аларга мыйзам иштебеди. Эми ошондо буларга да мыйзам иштебесинби?!! Балким мыйзамдардын баарынан баш тартсакпы ээ, кандай дейсин?!!
0
Pchelka85
2018-06-05 00:34:40
fantomas, эгер мыйзам мыйзам деп кыйкыра турган болсок, анда жогорку мен айткан ишти алып ьарган милицияларды да жумуштан албайбы
. Менин айтайын дегеним бир жактуу карабай эки жакты тен калыс корсотушпойбу.??
0
Pchelka85
2018-06-05 00:37:49
Кана баланын ата энеси жоро жолдошторун деле кепкке тартып интервью алышсын журналисттер.. эгер чын эле 3 жыл суйлошуп журушкон болсо, бироондо болбосо бироондо бир чогуу тушкон фото же видеолору бар чыгаар
. Туурабы.. кана ошол экинчи тараптын позициясы.?
0
admin_superstan
2018-06-05 10:09:33
Pchelka85,
Саламатсызбы! Милициянын бөлүмүндө кызды бычактаган жигиттин агасы: "Бул окуя үчүн баарынан кечирим сурайм" https://www.super.kg/kabar/news/233741/
+1
Pchelka85
2018-06-05 10:16:22
admin_superstan, админ интерретти корнулочу кыздын атасы энеси эжеси канчалаган интервьюлары журот. А силер бетинерге крмаган баланын 1 байкесинин 1 интервьюсубу?
0
admin_superstan
2018-06-05 11:47:33
Pchelka85, Милиция бөлүмүндө кызды бычактаган жигит менен чогуу иштегендер: "Кыз менен жигит 3 жылдан бери сүйлөшүп жүрүшкөн"
https://www.super.kg/kabar/news/233375/
0
Alixan-Nookat.2015
2018-06-05 08:29:45
Жөн эле жумуштан албай ошол күнү нөөмөттө турган сотрудниктер жана тергөөчүгө кылмыш иши козголуп иликтөө иштери бүткөнчө камакка алуу керек жыйынтыгы боюнча камаш керек.
+2
Pchelka85
2018-06-05 10:18:29
Кечинде кыздын апасынын интервьюсун кордум. Апасы айтып атат кызым Нурлан байкнни "ТАНДАДЫМ" деди деп. Эми суйсо жащ башы суйуп суйлошкондур да бул бала менен, но мен сураганда апа мен Нурлан байкени тандадым деген"- дейт...
0
Pchelka85
2018-06-05 10:23:19
Ооба бала куноолуу. Аны эч ким танбайт
Мынчалык кызуу кандуулукка алдырбаш керек болчу. Окунучтуу... кечээки интервьюда атасы менин козумчо олтурсом да алам деп кеткен деп атса. Апасы айтып атат 'Экоону озулорунчо суйлошкуло деп комнатага калтырып койгонбуз экоону ошондо айтыптыр турмого чирисем да меники болосун же олтуром дептир улуу кызым угуп калып урушуп кууп чыккан деп. Так кимисине ишенсе болот???
0
sabirdinovich
2018-06-05 12:30:58
Бул таластык бала Кыргыздарды бүткүл дүйнө жүзүнө уят кылды. Тиешелүү жазасын алса экен.
0
Bayazet
2018-06-05 19:07:23
Милиция куноолу жуз пайыз камерага киргизерде бычак эмес ботинканын босунда алынат мунуп албасын деп булан болсо камерага бычак менен киргизерде шалакылык бул
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан