Бурулайдын өлүмү. Жабырлануучу тарап райондук соттун чечимине каршы арызданышпайт

Милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулайдын атасы Турдали Кожоналиев менен байланышканыбызда айыпталуучуларга карата чыккан чечимге макул экендигин билдирди.

"Чечим чыкты мен макулмун. Ал эми айыпталуучу тарап кандай чечим кылып жатышат билбейм. Арыз жазса сотко барабыз да. Мен башында Марс Бөдөшовдун досуна тосмо арыз жазып берсемби деп ойлогом, бирок соттук отурумда анын жалган көрсөтмө бергени мени ал оюмдан кайтканга мажбур кылды. Ал өзүнө-өзү кылды, кылганына эми башы менен жооп берсин", - деди ал.

Эске салсак, Свердлов райондук соту 11-декабрда бул иш боюнча чечим чыгарган. Анда Марс Бөдөшов 20 жылга, ал эми анын досу Акмат Сеитов 7 жылга эркинен ажыратылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Nurkyz1977
2018-12-13 14:47:25
Кимдин канчалык денгээлде куноолу экенин бир Жараткан озу билет. Эгерде бул балдарда куноо жок болсо куноолулор эки дуйно азабын тартсын. Бир жакшынакай жаркылдаган кыз жер астында куураса,бир жакшынакай адамдар жер устундо куурап жатышат. Айла жок баарына сабыр берсин.
+25
uli1234
2018-12-13 14:49:54
Баягыда айткан акчасын берсе, "тосмо арыз жазып бермекмин"-дегени да
+24
barakcha
2018-12-13 15:36:33
uli1234,дал озу!
+7
Janna07
2018-12-13 15:50:07
uli1234,акча эле экенда атасыга, тооба
+11
Tekecher
2018-12-13 14:51:24
Турдали аке озуно-озу кылды деп катуу айтыпсыз....Байкуш досуна боорум ооруйт, жок жерден 7 жыл.
+28
aitowa11
2018-12-13 15:51:17
Tekecher, Досун бирөө мажбурлаган жок көргөнүн көргөндөй кылып айтса болмокта жалган көрсөтмө бербей.
-1
Nuri1988Elim2010
2018-12-13 14:55:50
Жаш омуру абакта отот экенда.
Бул иштин артында чон сыр ачылбай калгандай.
+15
zhykyo
2018-12-13 15:07:01
Чындыкты Бурулай ала кетти
+18
Kychtyy
2018-12-13 15:07:10
Не болгон сыр. Ушул жерде отуруп комент жазгандарга тан калам. Подстава,сыр, корупция дегендер. Олтургону чынбы чын. Ала качканы чынбы чын. Эми неге ызылдайсынар. Бир жакшына кызын олтуруп атса атасынан нени куттунор эле. Марстын башынан сылап кечир балам туура эмес кылдын пендечиликда дешинби. Отуруп жазыш сындаш оной. Олтурулгон кыздын атасы болуп кайгысы менен алышып. Куноолулордун жазасын алышы учун аракети башка нерсе. Бербеди деп кунолойсунор. Бербесе эле алакачып олтуруш керекби тобо
-8
barakcha
2018-12-13 15:32:04
Турдаалыны чыгарбагылачы кайра-кайра.Бээээсит уже(((Соз жок!!!
+12
barakcha
2018-12-13 15:52:23
Турдаалыга айтаарым:Сен дагы Аллахтын жанына барганда куноолорун учун жооп бересин!Азыр канча кишини сыздаттын,куноосу далилденбегендерди каматтын.Аллах сага коргозот!Жеген акчан учун тозоко туш!
+9
Take_men
2018-12-13 17:01:28
barakcha, кесир сүйлөбө өз башыңа түшүп калбасын..
-5
33SUUN
2018-12-13 18:20:45
Адамды олтурдубу болду, жазасын алсын.Озумо дагы бычак сайсам кутулуп кетем деп ойлогон.Туура чечим болду.Жок жерден балээге кабылган досуна женил жаза беришсе болмок.Чон чуу жараткан иш болгондон кийин соттор акча алгандан коркуп мыйзам чегинде окум чыгарды.
-11
Nuri1988Elim2010
2018-12-14 07:59:15
33SUUN,эч жерде соттордун адилеттулугун корбодум.Пара кор,жем кор экенин карапайым Эл жакшы гана билебиз.Окунуться окуганынан эле байкалып турат
+1
Nuri1988Elim2010
2018-12-14 08:14:52
Окумду
0
Firdaus-Muslim
2018-12-14 15:05:53
Менин жеке пикирим, Бул жерде Марс менен досунда айып жок, доомат менен эле камалышты деп ойлойм! Чындык чыркырап турганда, адилетсиздик күлүп турат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан