Биз социалдык тармакта

Ала-Арчадагы трагедия: Министр жоопкерчиликтен качпай турганын айтты

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ала-Арчада 14 жаштагы Амирдин каза болушуна байланыштуу министр катары өзүнө тиешелүү жоопкерчиликти алуудан качпай турганын бүгүн, 17-ноябрда билдирди.

"Бул окуя үчүн министр катары өзүмө тиешелүү жоопкерчиликти алуудан качпайм. Адам өмүрү кыйылган жерде эч ким жоопкерчиликтен четте калбашы керек. Окуянын бардык жагдайлары объективдүү иликтенип, күнөөсү аныкталган адамдар ээлеген кызматына жана даражасына карабастан мыйзам чегинде жооп берүүгө тийиш",- деди министр депутаттарга.

Ошондой эле ал бул кайгылуу окуя боюнча тиешелүү кызматтык иликтөөлөр дайындалып, Аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгонун белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан